Медведев ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктарын санап берди

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүРоссиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев. Архив
Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия премьер-министри кийинки Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кайсы жакта боло турганын айтты.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын айтып берди. Ал Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында сүйлөдү.

Анын айтымында, мамлекеттердин жалпы максаты — интеграцияны жогорулатуу, экономикалык активдүүлүккө түрткү берүү жана калктын жашоо деңгээлин көтөрүү.

"ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн биринчи артыкчылыктуу багыты — ички интеграциянын иши. Экинчиден, биримдик алкагында жогорку сапатка басым жасалышы. Үчүнчү багыты — 2025-жылы жалпы каржы базарын түзүү. Кийинки багыт - инновация жана жогорку технологиялар тармагы. Бешинчиси, ЕАЭБ алкагында кооптуу калдыктарды ташуу келишими", — деген Медведев.

Ал кийинки Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны Москвада өтө тургандыгын кошумчалады.

Буга чейин өкмөт башчылар бейрасмий форматтагы жолугушуусун боз үйдө, даам үстүндө өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0