Нарын шаары. Архив

Нарынга өлкө аймагындагы ишкерлер чогулат

56
Катышуучулар бизнес өнөктөш издеп, продукциялары менен кызматтарын кардарларга сунуштай алат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Нарын облусуна өлкө аймагындагы ишкерлер чогулат. Бул тууралуу ЖИА бизнес-ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Нарын шаарында 16-августта башталып, Кыргызстандагы ишкерлер жолугат. Катышуучулар бизнес өнөктөш издеп, өздөрүнүн продукциялары менен кызматтарын кардарларга сунуштай алышат.

Ал эми 17-18-август күндөрү Соң-Көлдө атайын жыйын болуп, кесипкөй спикерлер ишкерликти өнүктүрүү үчүн маалыматтык технологияларды колдонуунун сырларын айтып беришет.

56
Белгилер:
жолугушуу, ишкердик, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан менен Өзбекстанды эмне байланыштырып турат. Саресеп
Токтогазиев: Россиянын алдыңкы долбоорлорун көрүү үчүн бизнес-тур болот
Акча санап жаткан аял. Архив

Мэрия: бишкектик ишкерлер июлда 395 миң сом айыпка жыгылды

25
(жаңыланган 10:51 06.08.2020)
Мэриядан билдиришкендей, июль ичинде шаар боюнча санитардык эрежени бузгандардын көпчүлүгү кафе жана тез татым түйүндөрү.

БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Июль айынын ичинде бишкектик ишкерлер санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн 395 миң сомго айыпка жыгылды. Бул тууралуу шаар жетекчилигинен билдиришти.

"Эреже бузгандардын көпчүлүгү кафе жана тез татым түйүндөрү. Ошондой эле ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген, бирок жашыруун иштеп жүргөн компьютердик клубдарда дагы тартип сактабагандык байкалууда", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пандемия учурунда коюлган талаптардын сакталышына көз салган Санитардык-экологиялык инспекция иштей баштагандан бери 289 протокол түзүлүп, 1 миллион 287 миң сом айып салынганы айтылат.

"Бишкек асфальттын" жетекчиси жолдогу чуңкур үчүн айыпка жыгылды. Сүрөт

Санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номерлери:

  • Биринчи май району: 0555 404 818;
  • Свердлов району: 0551 551 745;
  • Октябрь району: 0 500 210 470;
  • Ленин району: 0500 085 580.
25
Белгилер:
пандемия, айып пул, эреже, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Өкмөт "Коопсуз шаардан" түшкөн айып пулга тез жардам унааларын алат
Экономика министрлигинин имараты. Архив

Экономика министрлиги келечекте тоо-кен өнөр жайын басып өтчү тармакты атады

127
Өндүрүштүк көлөмдөгү масштабга ээ болгон инновациялык идеялар ишке ашса, өлкөнүн экономикасына чоң киреше алып келип, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат.

БИШКЕК, 5-авг. – Sputnik. Экономика министрлиги креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча концепцияны иштеп чыгууга киришти. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Концепция креативдүү индустриянын инновациялык багытын алдыга жылдыруу, өнүктүрүү үчүн укуктук жана экономикалык негиздерди түптөп бериши керек.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын ички дүң продукциясында креативдүү экономиканын үлүшү 7 пайызды түзөт. Бул тармакка реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода индустриясы, кино индустриясы жана видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, театралдык искусство, арт-дизайн, көркөм сүрөт исскуствосу, басылма иши, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.

Бюджетти толтуруу үчүн ички киреше булактары аныкталууда. Алар кайсылар?

"Өндүрүштүк көлөмдөгү масштабга ээ болгон инновациялык идеялар ишке ашса, өлкөнүн экономикасына чоң киреше алып келип, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлик креативдүү индустрия сектору келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайынан жана мигранттардын акча которууларынан көз каранды болуусун жок кылат деген пикирде.

Мындан тышкары, өлкөнүн маданий мурастарынын кайра жаралуусуна жардам берери кошумчаланат.

127
Белгилер:
идея, чыгармачылык, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
COVID-19дун айынан Кыргызстанда майнинг-фермалар эми салык төлөмөкчү
Аскер кызматкерлери. Архив

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу: тараптар эки иликтөө жүргүзө турган болду

0
(жаңыланган 19:31 06.08.2020)
Бүгүнкү жолугушууда көйгөйлөрдү өз учурунда чечүү жана мындан аркы чатактардын болушуна жол бербөө үчүн мамлекеттик органдардын өз ара иштешүү зарылдыгы айтылды.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бүгүн Тажикстандын Ходжаи айылында Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин орун басарлары, эки тараптын чек ара кызматтарынын жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жолукту.

Ага катышкандар эки факты — КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын аскеринин жаракат алышы жана тажикстандык жарандын ок жеп каза болушу боюнча ар бир тарап өзүнчө тактап, иликтөө жүргүзүү чечимине келишти. 

Андан сырткары коңшулардын октон жеп каза болгон тажикстандык жаран боюнча маалыматтары такталды.

Эске салсак, бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок атып, ал жоокердин колун тешип өткөнү маалым болгон.

Чек арадагы ок атуу: тажикстандык көз жумду деген маалымат такталып жатат

Бүгүнкү жолугушууда келип чыккан көйгөйлөрдү өз учурунда чечүү жана мындан аркы чатактардын болушуна жол бербөө үчүн мамлекеттик органдардын өз ара иштешүү зарылдыгы айтылды. 

Тараптар андан сырткары  чек арага жакын аймактарда жашагандарга түшүндүрүү иштерин улантмакчы.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп бааланды.

0
Белгилер:
жолугушуу, өлүм, жаран, жарадар, чек арачы, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казак чек арасындагы чатак: мигранттар алдамчылардын торуна кантип түштү