Өлкө казынасына кен казуу, өнөр жай тармактарынан 445 млн. сом түштү

Жазылуу
Комитет бул көрсөткүчтү жыл соңуна чейин 1 миллиард сомго жеткирүүнү пландоодо.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жыл башынан бери кен казуу, энергетика, өнөр жай тармактарынан өлкө казынасына 445,5 миллион сом түштү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттик орган бул көрсөткүчтү жыл соңуна чейин 1 миллиард сомго жеткирүүнү пландоодо.

Комитет ал үчүн бир катар кендерди казуу жана чалгындоого сынактарды жарыялап, аукциондорду өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0