Жыл башынан бери кенге берилген канча лицензия жокко чыгарылды? Сандар

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын кени. Архив
Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жеке тараптарда, мамлекеттик органдар менен ишканаларда 2440 лицензия бар.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жыл башынан бери кенге берилген 222 лицензия жокко чыгарылды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда жеке тараптар менен мамлекеттик органдарда 2440 лицензия бар. Алардын көпчүлүгү руда эмес кендерди казуу жана чалгындоо үчүн берилген.

Ал эми 2019-жылдын жарым жылдыгында атайын комиссия 203 уруксат кагазынын ишмердүүлүгүн токтотуп, 222син жокко чыгарган.

Ошондой эле 2019-жылдын жети айында кен казуу, энергетика, өнөр жай тармактарынан өлкө казынасына 445,5 миллион сом түштү. Комитет бул көрсөткүчтү жыл соңуна чейин 1 миллиард сомго жеткирүүнү пландоодо. Ал үчүн комитет бир катар кендерди казуу, чалгындоого сынактарды жарыялап, аукционго коёт.

Жаңылыктар түрмөгү
0