Улуттук банктагы алтын көбөйүп, көлөмү рекорд койду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПроизводство цветных металлов в Свердловской области
Производство цветных металлов в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн айга салыштырмалуу резервдеги акча 26 миллион долларга өскөн.

БИШКЕК, 14-авг.— Sputnik. КыргызстандынУлуттук банкынын алтын запасынын наркы июль айынын акыркы күнүнө карата 2 миллиард 271, 3 миллион долларды түздү. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандагы банк сектору - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар насыяны кандай максатта алат? Банктар тууралуу маалымат
Бул 2002-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Дал ушул убакыттан тарта бардык маалыматтар ачык, жеткиликтүү боло баштаган.

Мурдагы рекорд 2014-жылдын июль айында коюлган. Анда резервдеги акча 8,3 миллион долларга аз болчу. Июнь айынын акыркы күндөрүнө салыштырмалуу алтын менен валюта 26 миллион долларга өскөн.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0