Робин Орд-Смит Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековПосол Великобритании в КР Робин Орд-Смит
Посол Великобритании в КР Робин Орд-Смит - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Робин Орд-Смит буга чейин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Робин Орд-Смит Кыргызстандын ишкерлик субъектилеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (бизнес-акыйкатчы) болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит бизнес-акыйкатчы болуп 2019-жылдын 19-июнунда шайланган. Анын негизги милдеттери менен материалдан таанышыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0