Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду насыянын пайыздык ченин төмөндөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондусунун логотиби. Архив
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ставкалардын төмөндөшү жаңы түзүлгөн насыялык долбоорлор үчүн гана иштейт. Кыргызстандыктар кредитти аталган фонддун линиясы аркылуу өнөктөш банктардан алса болот.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду улуттук валюта менен берилген кредиттин пайыздык ченин төмөндөттү. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.

Пайыздык ченди төмөндөтүү кичи жана чоң бизнес менен алектенген атамекендик ишкерлерди колдоо программасынын алкагында жасалат.

"Улуттук валютада берилген насыялардын жылдык пайыздык чени 10 пайыздан 9 пайызга төмөндөйт. Мындай жеңилдиктер айыл чарба, жеңил өнөр жай, машина куруу сыяктуу тармактарга берилет. Ошондой эле Бишкектеги туризм жана билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлор үчүн дагы пайыздык чендер азайтылды. Мындан ары аталган долбоорлорго насыялар жылдык 11 пайыз менен берилет (буга чейин 12 пайыз болчу)", — деп айтылат маалыматта.

Ставкалардын төмөндөшү жаңы түзүлгөн насыялык долбоорлор үчүн гана иштейт. Кыргызстандыктар кредитти Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу бардык өнөктөш банктардан ала алат.

Толугураак маалыматты сайттан же +996312303750 номери аркылуу алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0