Эми мамлекеттик кызматкерлер салыктарды жумушунда отуруп төлөй алат

© Sputnik / Табылды КадырбековКалькулятор жана акча каражаттары. Архив
Калькулятор жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салыкчылар мамлекеттик кызматкерлердин иштеген жерине барып 1-4-категориядагы салык төлөмдөрүн алып кете алат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Экономика жана инвестиция департаменти мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп, убактыларын үнөмдөө үчүн транспорт менен жер салыгын чогултуу боюнча жаңы пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган департаменттин өкүлдөрү салыкчылар менен биргеликте кызматкерлердин иштеген жерине барып 1-4-категориядагы салык төлөмдөрүн алып кете алат.

"19-20-август күндөрү өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери жумуштан чыкпастан, иш ордунда салык төлөй алат. 29-30-августта Жогорку Кеңештин аппаратына жардам беребиз. Ал эми мэриянын өкүлдөрү бардык салыктарды иш ордунан чыкпастан эле төлөп коюшту", — деп айтылат маалыматта.

1 жана 4-категориядагы мүлккө төмөнкүлөр кирет:

  • 1-топ. Турак үй, батир, дача, убактылуу же өмүр бою жашай турган үй.
  • 2-топ. Транспорт каражаттары.
Жаңылыктар түрмөгү
0