АКШ долларлары. Архив

Жыл башынан бери Кыргызстандан которулган акчанын көлөмү рекорд койду

14 жыл ичинде каражаттын агымы 20 эсеге өскөн.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан июнга чейин Кыргызстандан 247,6 миллион доллар сыртка которулганы Улуттук банктын маалыматында айтылат. Мында кеп акча которуу системасын колдонуп транзакция жүргүзгөн жеке тараптар тууралуу болуп жатат.

Билдирүүдө бул мониторинг жүргүзүлө баштаган 2005-жылдан берки рекорддук көрсөткүч экени айтылат. Өсүүнүн себеби көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейинки рекорд 238,4 миллион доллар менен былтыр катталган. Карай келсек, акча эң аз которулган мезгил 2005-жылдын биринчи жарым жылдыгына туура келет, анда болгону 12,3 миллион доллар сыртка чыккан.

Белгилер:
рекорд, агым, каражат, акча, Улуттук банк
Тема боюнча
Куну түшкөн рубль менен теңге сомду да ала жатабы? Улуттук валютанын абалы
Логистикалык борбор. Архив

Кыргызстанда төрт соода-логистикалык борбор куруу пландалууда

(жаңыланган 14:57 23.04.2021)
Кыргызстан коңшу мамлекеттер Казакстан жана Өзбекстан менен соода-логистикалык борбор курууну макулдашты.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан төрт соода-логистикалык борбор курууга макулдашты. Мындан тышкары, Өзбекстан менен дагы келишим бар. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскар Жаныбеков билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде министр жакында эле өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында соода-логистикалык борборлор боюнча маселе талкууланганын билдирди.

"Негизи биз макулдаштык. Казак тарап каржылоого даяр. Учурда шарттарын талкуулап жатабыз. Товарларды Казакстанга экспорттоо үчүн жана транзит менен алып өтүү максатында Чүй облусунда үч борбор ачылат. Ал эми төртүнчүсү Ысык-Көлгө курулат", — деди Жаныбеков.

Министр президент Садыр Жапаров Өзбекстанга барганда Кыргызстандын аймагына соода-логистикалык борбор курууну сүйлөшүп келгенин дагы эске салды. Курулуш ишин өзбек тарап каржыламай болгон. Жаныбеков Өзбекстан менен биргеликте канча борбор куруларын тактаган жок.

Белгилер:
соода, логистикалык борбор, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан салмагы 180 килограммга жеткен койдун жаңы тукумун каттады
Май куйуучу станция. Архив

Россия бензин баасын тизгиндейт. ЕАЭБде мунайдын кымбаттоосу токтойбу?

(жаңыланган 13:49 23.04.2021)
Россия бензиндин баасын кармап туруу жана ички рынокту турукташтыруу боюнча жаңы чараларды көрүүдө. Өлкөнүн өкмөтү бензиндин экспортуна утурумдук чек коюу боюнча да ойлонуп жатат.

Экономисттер Россия бийлиги жасаган кадамдардын шарапаты Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөсүнө да тийиши мүмкүндүгүн айтууда.

Россиядагы бензиндин баасын тизгиндөө иши ЕАЭБ өлкөлөрүнө да таасирин тийгизерин Sputnik иликтеп көрдү.

Баанын көтөрүлүшүнө себеп боло турчу нерсе

Россиянын Финансы жана Энергетика министрликтери Россиянын ички отун рыногу үчүн демпфердик механизмдин чен өлчөмдөрүн жөнгө салуу боюнча өз ара макулдашты. Бул туурасында аталган ведомствонун шейшемби күнү, 20-апрелде, биргелешип жасаган билдирүүсүндө айтылган.

1-майдан тарта ички рынок үчүн бензиндин индикативдик наркы (өкмөт аныктаган дүң баа — ред.) өзгөрүп, ал 4 миң рублге чейин түшөт. Учурда анын баасы бир тоннасына 56,3 миң сом. Мындан сырткары, 2023-жылдын 1-январынан тарта бензиндин базалык наркы жыл сайын азыркы 5 пайыздын ордуна 3 пайыздан гана индексация болуп турат.

Демпфер биринчи ирет 2019-жылы ишке кирген. Максат — 2018-жылдагы отун кризисинин кайрадан кайталанышына жол бербөө эле. Анда мунайдын дүйнөлүк рынокто кымбаттап кетишинен улам Россияда бензиндин наркы жогорулап, өкмөт нефть компаниялары менен сүйлөшүп, бааны "тоңдуруп" коюуга аргасыз болгон.

Демпфердик механизмде чет жактагы кымбат мунайдан улам нефтини кайра иштетүүчү россиялык компаниялар кенемте алат, төлөгөн салыгынын кайсы бир бөлүгү аларга кайтарып берилет. Бул төлөмдөр мунайчыларга дүйнөлүк баадан чочулабай, продукцияны ички рынокко алып келүүгө түрткү берет.

Мындай система бензиндин баасын өзүнүн чен өлчөмү менен гана көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мунайдын наркы инфляциянын жылдык деңгээлинен жогору өспөйт (2020-жылы өсүш 2,5 пайызды түзгөн, бул инфляциядан эки эсе төмөн), бирок дүйнөлүк баа ылдыйлаганда арзандабайт. Ошентип баа кескин "чайпалганда" да ички рынок корголгон боюнча калат.

Демпфердин өзү индикативдик эсеп жана сырткы рыноктогу актуалдуу баа менен каралат. Индикативдик баанын боло турган төмөндөөсү (тоннасына 56,3 миң рубль) деген нерсе, продукцияны дүйнөлүк баанын шартында ички рынокко алып келгенде мунайчылардын (компаниялар) кайра кайтарылган төлөмдү көбүрөөк алгандыгы. Sputnik собол узаткан эксперттердин пикиринде, мындай кадам Россиянын ички рыногунда бензиндин баасынын көтөрүлүшүн токтотууга мүмкүнчүлүк берет.

"Өкмөт кенди казууга коюлган салыкты жогорулатат. Ал арада рубль түшүп, нефть кымбаттоодо. Эгерде индикативдик бааны ылдыйлатпаганда, өлкөнүн ичине ташып келүү демпфер жасаганда деле пайдасыз болуп калмак. Андыктан муну рыноктун учурдагы шарт-абалына ылайыкташтырышты. Бензин эми арзандабай калды, бирок анын кымбатташы, кыязы, жакынкы күндөрү токтошу мүмкүн", — деген божомолун айткан Улуттук энергетика институтунун директорунун орун басары Александр Фролов.

Россиянын рыногуна удаа эле... башкалары

Быйылкы жылдын башынан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттеринде да бензиндин баасы асмандаган.

Өткөн жылы АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир литрине Арменияда 2,64 пайызга, Кыргызстанда 4,3, Казакстанда 6,5, Беларуста 1,4 пайызга өскөн.

Ушул эле мезгилде АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир литрине Арменияда 6,2 пайызга, Кыргызстанда 6, Казакстанда 7,9, Беларуста 1,16 пайызга көтөрүлгөн.

Армения менен Кыргызстандын рыногундагы мындай абал бул мамлекеттердин нефтини өз алдынча кайра иштетпегендигинен, аны Россиядан сатып алгандыгынан улам жаралган. Андыктан аталган продукциянын наркы мунайды кайра иштетүүчү россиялык заводдор берген баага байланыштуу болот.

Демпферди жөнгө салуу Россиянын рыногун тойгузушу, тагыраагы, толук камсыздашы керек. Ошондо гана Кыргызстанга бериле турган россиялык бензиндин наркынын түшүшүнө жагымдуу шарт түзүлөрүн Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирген.

Исполнительный директор Международного делового совета Аскар Сыдыков в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков
"Кыргызстанда бензиндин кымбатташы Россия рыногундагы дефициттин кесепети. Россияда нефть продукцияларынын тартыштыгы байкалары менен баа бир аз көтөрүлө түшөт. Бизде да мындай көрүнүш кездешип жатат, бирок бул Кыргызстанда масштабдуу болууда. Себеби бизде демпфер жок эмеспи. Кыргызстандагы нефтетрейдерлер анча кубаттуу эмес, алардын мунайды көп көлөмдө сактап турууга шарты жок, бааны жөнгө салууга кудурети жетпейт. Демпфердин жаңы чен-өлчөмдөрү бизге да шарапатын тийгизет деп өтө ишенип турабыз. Россияда бул жаатта тартыштык жок болсо, Кыргызстан бензинди арзаныраак ала баштайт", — деп түшүндүргөн Сыдыков.

Дал ушундай эле көз карашын Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов да билдирген. Анын айтымында, өлкөдөгү отун рыногу Россия рыногунун артынан эле ээрчийт.

Исполнительный директор Ассоциации нефтетрейдеров КР Канат Эшатов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов
"Россия продукция берген бирден-бир тарап болгондуктан, биздин рынок Россияныкынан толук көз каранды. Эгерде аларда баанын өсүшү токтосо, бир нече жума айырма менен бизде да ошондой абал болуп, турукташат. Россиялык заводдор пайдалуу кенди казганы үчүн ири салыктарды төлөгөндүктөн, жыл башынан тарта бензиндин сатык баасы 4-6 пайызга өсүп кетти. Эгерде салыкчылар көбүрөөк акча кайтарып берсе, мунайды кайра иштеткен заводдор продукцияны бир аз арзаныраак сата баштайт", — деген Эшатов.

Арменияда деле ушундай абал. Республиканын рыногундагы отун продукцияларынын баасын Кыргызстандагыдай эле факторлор аныктап жатат. Алар да мунайда кайра иштете албагандыктан Россиядан келе турган нефтиге көз каранды болуп отурат.

Ал эми Казакстанда абал, тескерисинче, жергиликтүү кубаттуулуктан улам отунга болгон бардык муктаждыктарын жаап алган. Эгерде 2018-жылга чейин ачык түстөгү мунай заттарын (бензин, керосин жана дизель – Sputnik) Россиядан арбыныраак, 500 миңден 1 миллион тоннага чейин алып турган. Бирок кийинки убакта кадыресе азайтканын (2019-жылы 20 миң тоннага жакын, ал эми 2020-жылы 2 миң тоннанын тегерегинде) экономикалык баяндамачы Сергей Домнин айтып берди.

"Казакстан менен Россиянын экономикасындагы, нефть рынокторундагы өз ара байланыштарга жана жалпы чек арага карабастан обочолонуп турат. Өлкөлөрдө мунай зат боюнча рыноктун ар башка схемадагы иши, кайра иштеп чыгуудагы баалардын ар түрдүү болушу, акциз төлөмдөрү жана бензиндин чекене баасы ар башка. Казакстанда бензин ички факторлордон улам кымбаттоодо (мунай заттары менен нефтинин экспортунун көбөйүшү, салыктын өсүшү — ред.). Андыктан Россия рыногундагы кырдаал бизге таасирин тийгизе албайт", — деп эсептейт Домнин.

Россиядагы демпфер Беларустагы бензиндин кымбатташын токтото алышы арсар. Республика продукцияны мунайды кайра иштетүүчү эки заводдон чыгарат. Алар ички муктаждыкты канааттандыра турган көлөмдө (ал тургай экспортту да) гана өндүрөт.

Январдан февралга чейин 1,68 миллион тонна мунай продукцияларын сыртка саткан. Бул былтыркыга караганда 2,3 эсе көп. Ири импортёрлор Украина (546,5 миң тонна), Европа биримдиги (940,2 миң тонна) жана Улуу Британия (138,7 миң тонна) болгон.

Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Алексей Авдониндин айтымына караганда, аларда бензиндин кымбаттап кетишине мунай заттарынын дүйнөлүк кымбаттоосу таасир этти. Ал эми Россиядагы демпферди жөнгө салуу бул тенденцияны өзгөртө албайт.

Жаңы пайда

Россиянын вице-премьери Александр Новактын суроо-талап кайнап турган учурда бензиндин сыртка чыгарууга тыюу салынбайт деген билдирүүсү Россиянын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүнүн абайлаган оптимизмин жандандырышы мүмкүн.

© Sputnik / Максим Блинов
Россиянын вице-премьери Александр Новак
"Бул маселени жакында талкуулайбыз. Энергетика, Экономикалык өнүгүү министрликтеринин, Монополияга каршы федералдык кызматтын сунуштарын угуп, чечимди биргелешип кабыл алабыз. Себеби анын терс таасирлери болушу мүмкүн, тагыраагы, компаниялар өндүрүш көлөмүн төмөндөтүп жибериши ыктымал", — деп айтканын "Интерфакс" агенттиги жазган.

ЕАЭБ мамлекеттерине мындай тыюу салуу киреби же жокпу Новак так айткан жок.

Sputnik сурамжылаган эксперттердин пикиринде, экспорттук кандай гана чектөөлөр болбосун соңку жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй Бажы биримдигинин курамындагы мамлекеттерге тиешелүү болбойт.

Мындай болгон учурда Армения менен Кыргызстанга бериле турган бензиндин көлөмү азайбастан, көбөйүшү мүмкүн. Жыйынтыгында демпфердин жаңыланышы менен кош натыйжа болуп, отун рыногу толот. Бул — бензинди эң акыркы болуп колдонгондордун чөнтөгүнө, тагыраагы, бензиндин баасына оң таасирин тийгизет.

Белгилер:
мунай, эксперт, кымбаттоо, баа, бензин, Беларусь, Казакстан, Армения, Россия, Кыргызстан
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Күйүүчү май өлкөнүн кайсы аймагында баарынан кымбат сатылууда. Статистика
Кемпир-Абад суу сактагычы. Архив

Өзгөндүктөр да жер берүүгө каршы чыгып, Кемпир-Абаддын жээгине боз үй тикти

(жаңыланган 15:18 23.04.2021)
Жер берүүгө нааразы болгон тургундар Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылып, беш күндүк убакыт беришти.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өзгөн районунун жашоочулары Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгышты.

Аталган суу сактагыч райондун бир нече айылдары менен чектешет. Кызыл-Октябрь жана Кароол айыл өкмөттөрүнүн тургундары бул жактан жер берүүгө каршы болуп акцияга чыгышкан. Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине дөбөгө боз үйлөрдү тигишкен.

Элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барды.

Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышты.

Натыйжада беш күндүк убакыт берилип, 28-апрелде Ташиевди күтмөй болушту. Ага чейин кошумча боз үй тигип, кайтарып отуруу чечимин кабыл алышты.

Белгилер:
суу сактагычы, суу, Берүү, жер, Боз үй, Өзгөн
Тема боюнча
Ташиев Савайга барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолукту
Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек