Жогорку Кеңешке заманбап унитаз алуу үчүн кайрадан тендер жарыяланды

© AFP / WILLIAM EDWARDSАжаткана. Архивдик сүрөт
Ажаткана. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи тендерге катышуучулардын саны аз болуп калган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратындагы сантехниканы алмаштыруу үчүн кайтадан тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына 21-августта жарыяланган.

Парламенттин иш башкармалыгы биринчи тендерге катышуучулардын саны аз болуп өтпөй калганын ырастады. Эреже боюнча тендерге экиден ашык талапкер катышуусу керек.

Сантехниканы сатып алуу үчүн 708,2 миң сом каралган. Анын ичинде 23 чоң унитаз, писсуарлар үчүн сенсордук кран, раковина жана монтаж үчүн жабдуулар бар.

Тендер 11-сентябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0