Доллар жана кытай юани. Архивдик сүрөт

Кыргызстан АКШ менен Кытайдын соода тирешинен пайда көрө алат. Эксперттердин ою

1432
(жаңыланган 14:52 28.08.2019)
Кытай менен АКШнын ортосундагы соода согушу валюталык салгылашка өттү. Эки ири экономиканын тиреши дүйнөлүк рынокко жана бир катар өлкөлөрдүн экономикасына чагылбай койбоду.

Sputnik Кыргызстан Кошмо штаттар жана Кытай мамлекетинин ортосундагы кастык биздин республиканын экономикасына жана сомдун кунуна таасир этер-этпесин сураштырып көрдү. Бул собол менен серепчилерге кайрылдык.

Соода-валюталык тиреш

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо алдындагы программасынын башкы пунктуларынын бири Кытай менен болгон мамиледе соода теңсиздигин кыскартуу эле. Соңку айларда жагдай ого бетер курчуду. Август айынын башында Трамп 1-сентябрдан тарта Кытайдан келген товарларга 10 пайыздык төлөм киргизүү ниетин жар салган, ал эми Кытай жетекчилиги андай кадамга америкалык айыл чарба өндүрүмдөрүнөн баш тартуу менен жооп берген. Ошентип эки держава арасында "валюталык согуш" тутанды: Пекин юандын кунун ылдыйлатты, Вашингтон бул аракетти да жоопсуз калтырбай турганын ишарат кылды. Серепчилердин баамында, америкалыктар да өз валютасын чабалдатууга барат, ошентип, бул "доллар менен юандын түпкүргө карай ат салышына" себеп болот. Жагдай дүйнөлүк рынокторго таасир этип, маселен, айрым өлкөлөрдүн валюталарынын куну түшө баштады.

КЭРдеги америкалык товарларды кыргыз өндүрүмдөрү алмаштыра алат

Кыргызстандын базарлар биримдигинин президенти Сергей Пономарев республикада Кытай менен АКШнын гана тургай, бөлөк өлкөлөрдүн ортосундагы соода согуштары боюнча аналитикалык иликтөөлөр жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи. Бирок андай иликтөөлөр Кыргызстандын бул майдандагы келечеги жана чакырыктары бар-жогун аныктоо үчүн зарыл. Бул ушундай кырдаалдын артындагы пайдалуу жагын таап, аларды атаандаштык артыкчылыкка айлантуу үчүн керек. 

Президент Ассоциации рынков, предприятий торговли и сферы услуг КР Сергей Пономарев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандын базарлар биримдигинин президенти Сергей Пономарев

"Менимче, бул жаатта келечегибиз жакшы. Күн сайын Кыргызстанга жүк менен 50дөн 300гө дейре машина чыгып, кайра бош кайтат. Жүк менен чыгышы үчүн айла таба алабызбы? Кытай үчүн соя өндүрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Аталган өлкө аны ири өлчөмдө АКШдан сатып алып келген, кийин төлөм киргизилди. Баса, Россия эбак жанданды, Ыраакы Чыгыш соя өстүрө баштады, ал эми биз дым дебей, ойлонуп отурабыз. Муну катачылык деп эсептейм", — деди Пономарев.

Америкалык-кытай соода согушунун "үзүрүн" көрө баштаган Өзбекстанды мисалга келтирет серепчи. Коңшу республика КЭРге өз гиласын ири көлөмдө жөнөтүүдө, кытай тарап америкалык мөмөдөн баш тарткан.

Базарлар биримдигинин башчысы валюталык тиреш сомдун кунуна таасир этпейт деп боолголойт.

"Биз көбүрөөк россиялык рублге байланганбыз, анткени ал өлкөдө биздин миллион чакты жараныбыз эмгектенет. Соода багытында деле ошол... Кытай менен тек бир багытта гана (импорт эле) иштейбиз, ал эми Россия менен эки багыттуу байланыштабыз", — деп түшүндүрөт серепчи.

Дагы бир "артыкчылыгы"

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы каржы министри Акылбек Жапаровдун пикиринде, соода тирешинен улам кыргызстандык ишкерлердин кытай товарларын болушунча төмөн баада сатып алууга шарты бар. Кеп АКШдан ташып келинген товарлар туурасында болуп жатат, эми аларга жогорку төлөм киргизилген. Жапаров өндүрүшчүлөр менен бааны арзандатуу жөнүндө макулдашууга болоруна ишенет. 

Депутат Жогорку Кенеша от фракции Бир Бол Акылбек Жапаров во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров

"Кытайдан товар ташып, аны Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдө жана Европага кайра сатууга, башкача айтканда, товар агымдарын өзгөртүүгө аракет кылып көрүүгө болот. Кичине болсо да биздин экономикабыз үчүн жакшы артыкчылык", – дейт Жапаров.

Анын баамында, Кытай менен АКШнын ортосундагы соода согушу Кыргызстанга түз таасир этпейт, эң көп дегенде сомдун куну өйдө-ылдый болушу ыктымал, бирок Улуттук банк өз убагында чара көрө алат.

Кырдаал экономика менен сомду солгундатат

КР өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешинин эксперти Азамат Акенеев Вашингтон менен Пекин тараптан олуттуу аракеттерди байкабаганын, болгону коркутуулар гана болуп жатканын айтат. Анын айтымында, ушул эле жетиштүү, рыноктор, анын ичинде өнүгүп келе жаткан өлкөлөр да кырдаалдан тыш кала албайт. 

Эксперт по экономике Совета по развитию бизнеса и инвестициям при правительстве КР Азамат Акенеев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КР өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешинин эксперти Азамат Акенеев

"Дүйнөлүк каржылык агымдарга чабал аралашкандыктан, Кыргызстанга соода согушу түз таасир эте албайт. Бирок өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин, экономикалык өнөктөштөрүбүздүн да валюталарына кысым көрсөтүлүшү мүмкүн. Эгер алардын куну төмөндөсө, албетте, сомдун курсуна кысым жасалары турулуу иш", — деп белгилейт Акенеев.

Ал биздин өлкөнүн ИДП жана тышкы соода көлөмдөрү бирдей экенин эске салат.

"Дүйнөлүк соода шартынын начарлашы биздин экономика үчүн жагымсыз. Атамекендик экономиканын келечеги үчүн бөлөк өлкөлөр ортосундагы төлөмдөрдү киргизүү көрүнүшү — терс фактор", — деп эсептейт экономист.

Эки ири экономикалык кризистен (1997–1998 жана 2008-жылдардагы) бардык өлкөлөр жапа чеккен, алардын айынан Кыргызстанда экономикалык өсүш жайлады, сомдун кунуна кысым жаралды. Акенеев эки тараптуу соода тиреши дүйнөлүк кризиске алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Улуттук банктын жообу

Редакциянын атынан КР Улуттук банкына "Кыргызстандын экономикасына жана сомдун кунуна АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода жаңжалы таасир этпейби?" деген суроо менен кат жолдогонбуз.

"Биздин өлкөгө бир өңчөй таасир жаратпайт. Кыргызстан дүйнөлүк каржылык тутумга түз аралашкан эмес. Бирок көптөгөн башка аймактык, ички жана сезондук факторлор бар. Кандайдыр бир деңгээлде алар республикадагы чет элдик валютага болгон талап менен сунушту теңдеп турат", — деп айтылат алардын жообунда.

Жөнгө салуучу орган ички жана тышкы рыноктордогу кырдаалга дайым байкоо салып турарын белгиледи. Эгер сырткы дүрбөлөңдөр ички валюталык рынокко таасир эте турган болсо, тийиштүү чаралар көрүлмөкчү.

1432
Белгилер:
соода, акча, АКШ, Кытай, Кыргызстан, валюта, Улуттук банк
Тема боюнча
Улуттук банктын алтын валюта резерви саат сайын 100 миң долларга өсүүдө