50 жылдык тарыхы бар араб компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга даяр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента КР Сооронбая Жээнбекова с исполнительным директором компании "Аль Бавани Ко ЛТД"
Встреча президента КР Сооронбая Жээнбекова с исполнительным директором компании Аль Бавани Ко ЛТД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фахер Аль Шаваф "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясы Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясына расмий визити астында реалдуу долбоорлорду көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафты кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолугушууда экономиканын түрдүү секторлорунда инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланган. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафты кабыл алды
50 жылдык тарыхы бар араб компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга даяр - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафты кабыл алды

Жээнбеков Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык жана өлкөнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашырууда чет элдик өнөктөштөрдүн инвестицияларын кабыл алууга даяр экенин айтты.

Калькулятор жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эми мамлекеттик кызматкерлер салыктарды жумушунда отуруп төлөй алат
"Аль Бавани Ко ЛТД" аткаруучу директору Фахер Аль Шаваф компаниянын Кыргызстанга акча салуу пландары тууралуу айтып берди. Андан сырткары, компания рынокто 50 жылга жакын ийгиликтүү иштеп таанылгандыгын белгиледи.

Фахер Аль Шаваф "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясы Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясына расмий визити астында реалдуу долбоорлорду көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу инвесторлор менен кызматташууну арттыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан зарыл болгон иш-аракеттер жүргүзүлөрүн ырастады.

Жаңылыктар түрмөгү
0