Трассадагы унаалар. Архивдик сурөт

Айланма жолго акы алуу. Министрлик сунуштаган долбоордун чоо-жайы

1103
(жаңыланган 12:03 29.08.2019)
Айланма жолго акы алуу долбоору андай шартка али даяр эмес жарандардын нааразычылыгын жаратты.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Транспорт жана жол министрлиги Бишкектин айланма жолуна унаалардын бардык түрүнөн акы алууну сунуштап чыкты.

Кеп Чүй облусундагы 73 чакырым айланма жолу туурасында, ал борбор калаадагы Алматы көчөсүнөн Чым-Коргон айылына дейре созулат. Социалдык медиада мындай демилге жылуу кабылданган жок, көпчүлүк акча өндүрчү кезектеги сунуш катары санап, каршылыгын билдирүүдө.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы аталган мыйзам долбоорунун ийне-жибине чейин тактап, төлөмдүн көлөмү канча болорун, кандай майнап чыгарына кызыкты. Соболдорубузга Транспорт министрлигинин акы алынчу жолдор боюнча эксперттик тобунун жетекчиси Нурлан Кайынбаев жооп берди. Материалда "КР автомобиль жолдору жөнүндөгү" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасындагы документтин долбоорунан да үзүндүлөр пайдаланылды.

Демилге кайдан чыкты?

Сурамжылоо

Айланма жолду акылуу кылуу керекпи?
  • Ооба, бюджетке акча керек
    5.8% (7)
  • Ооба, бирок акча ошол жолду кароого жумшалышы керек
    16.5% (20)
  • Жок, эптеп эле акча алуунун айласы
    70.2% (85)
  • Айланма жолдон өтпөй койсом кутуламбы
    5.8% (7)
  • Мага баары бир
    1.7% (2)
Добуш бергендер: 121
Бийлик республикалык бюджеттин жүгүн беш пайызга азайтууга белсенди. Кыргызстанда жалпы пайдалануудагы автожолдордун узундугу 18 миң 850 чакырымды түзөт. Алардын ичинен акы алынчу негизге 200 чакты чакырымы өтөт, алардын альтернативдик жолдору бар.

Мыйзам долбоорунун негиздемесине ылайык, бузулган автожолдорду каржылоонун жетишсиздигинен бюджет 6,5 миллиард сомго чейин жоготот. Эгер акы алынчу жолдор сунушу колдоого алынса, бийлик жыл сайын 2 миллиард сомго чейин жыйнай алат. Бул каражат трассаны кароого жумшалып, жыл сайын бюджеттен 2,9 миллиард сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мындай сумма жолдордун 30 жылдык мөөнөтүнө карата эсептелет.

Кайынбаев соңку эки жылда Транспорт министрлиги каржылоонун жаңы булактарын издеп келгенин белгилейт.

Коомдук угуулар уюштурулдубу?

Кайынбаевдин айтымында, бир жарым жыл мурун жүргүнчү жана жүк ташуучу тармактын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөн. Ошондо эле тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыгары айтылган. Эксперт бул демилгени жолдорду оңдоого кеткен бюджеттик каражатты сарамжалдоого багытталган аргасыз чара деп атайт. Азыр ушул тапта Транспорт министрлиги тариф жана шарттарды иштеп чыгууда эске алуу үчүн кыргызстандыктардын пикирине кулак салууда.

Качантан тарта акы алына баштайт?

Азыр мыйзам долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүп, өкмөт аппаратынын кароосунда. Транспорт министрлигинин божомолу боюнча эки айдан кийин өкмөттүн чечими чыгып, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жолдонот. Депутаттар эң аз дегенде жарым жыл карашат (балким, кабыл албай да коюшу ыктымал). 2020-жылдан баштап долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу башталат. Бул амалга 3-4 ай жумшалышы ыктымал. Андан ары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында сынак жарыяланат, утуп чыккан компанияга жолду тескөө укугу берилет. Буга дагы 4-5 ай кетет. Ишкана трассаны акы алынчу шартка 1,5 жылга чукул убакыт ичинде өткөрөт. Бул алдын ала эсеп. Мындай учурда акы алынчу жол өлкөдө 2022-жылдан тарта ишке кириши мүмкүн. Айтмакчы, компания өз чыгымын актоо үчүн төлөмдү топтоодон белгиленген сумманы алып турат (төмөндө толук айтылат).

Жолдогу коопсуздук

Транспорт министрлигинин эксперти мында жолдордун коопсуздугу автобандардагыдай жогорку деңгээлде болот деп ынандырууда. Башкаруучу компания трассаны эки тарабынан тосуп, тилкелердин ортосуна бөлгүчтөрдү орнотуп, төлөм үчүн аппарат жабдыктарын коюуга тийиш. Айланма жолдун ири кесилиштери, мисалга, Токмок шаарына чыкчу жол келечегинде эки кабат болушу ыктымал. Компания жол кырсыгын болушунча азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн баарын аткаруусу шарт.

Бул 73 чакырым үчүн кыймылдын уруксат берилген ылдамдыгы көбөйтүлүп калышы ыктымал. Кайынбаевдин пикиринде, саатына 130 чакырымды түзүшү мүмкүн.

Чакырымына ченелген баа

Тарифти өкмөт аныктайт, бирок алдын ала эсеп бар — транспорттун түрүнө жараша, чакырымына 2 сомдон 10 сомго дейре алынат. Тагыраак, бул аралыктагы сапарга 146 сомдон 730 сом алынмакчы. https://sputnik.kg/society/20190828/1045554709/ajlanma-zhol-chuj-aky.html

Жеңилдиктер

Жолго акы төлөөдөн атайын машиналар (өрт өчүргүч, тез жардам, авариялык-куткаруучу кызматтар, ЖКККБ жана аскер техникасы), ошондой эле акы алынчу автожолдун четиндеги райондордогу айыл чарба техникасы жана жеңил унаалардын кожоюндары толук бошотулат.

P.S. Мыйзам долбоору келечекте акы алынчу жолдорду аныктоо үчүн анын укуктук-ченем актыларын кабыл алууга өкмөткө мүмкүндүк берет. Азырынча дагы бир топ суроолор жоопсуз турат.

1103
Белгилер:
долбоорлор, төлөм, акы, жол, айланма
Тема боюнча
Унаа чындап эле кымбаттайбы? Бажы боюнча жаңы эрежелер иштей баштайт
Встреча и.о президента КР Садыра Жапарова с чрезвычайным и полномочным послом Китая в Кыргызстане Ду Дэвэнь

Садыр Жапаров Кытай элчиси менен чек арадан товар өткөрүү маселесин талкуулады

187
(жаңыланган 18:47 30.10.2020)
Кытай элчиси Ду Дэвэнди менен президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров чек ара көйгөйү, кытай ишкерлеринин коопсуздугу жана эки тараптуу долбоорлор боюнча сүйлөштү.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, жолугушууда Кыргызстан үчүн орчундуу болуп турган чек арадан товар өткөрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, "Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары" ассоциациясынын президенти Дамира Дооталиева өткөн аптада өкмөттү Кытайдан товар ташуу боюнча көйгөйдү тез арада чечип берүүгө чакырган. Анын айтымында, буга чейин "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларынан суткасына 300дөй жүк ташуучу унаа өтчү. Учурда бештен ашпаган авто араң өтүп жатат, себеби түшүнүксүз. Мындан улам ишкерлер бир топ көйгөйлөргө кептелүүдө.

  • Встреча и.о президента КР Садыра Жапарова с чрезвычайным и полномочным послом Китая в Кыргызстане Ду Дэвэнь
    Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, жолугушууда Кыргызстан үчүн орчундуу болуп турган чек арадан товар өткөрүү маселеси талкууланды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Чрезвычайный и полномочный посол Китайской Народной Республики в Кыргызстане Ду Дэвэнь
    Эске салсак, "Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары" ассоциациясынын президенти Дамира Дооталиева өткөн аптада өкмөттү Кытайдан товар ташуу боюнча көйгөйдү тез арада чечип берүүгө чакырган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, жолугушууда Кыргызстан үчүн орчундуу болуп турган чек арадан товар өткөрүү маселеси талкууланды.

Кытай элчисинин айтымында, "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларындагы көйгөйдү жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын өкүлдөрү 6-ноябрь күнү жолугушат.

"Торугарт" өткөрүү пунктунун иши сентябрь айынан тарта жаңыланышы Кытай элинин кыргыз элине ак тилектеринен кабар берет. Бирок пандемия шартында жаңыча жашоого үйрөнүү керек болуп жатат. Чек арадагы көйгөйлөргө бир гана техникалык мүчүлүштүктөр себепкер. Анткени карантиндик талаптар өтө катуу болуп жатат", — деди Ду Дэвэнь.

Ошондой эле элчи сүйлөшүүлөр учурунда Кыргызстанда ишкердүүлүк кылган кытай жарандарынын коопсуздугуна көңүл бурууну суранды.

Жапаров өз кезегинде Кытай тараптын коронавирус менен күрөшүүдөгү жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга оор күндөрдө биринчилерден болуп жардам көрсөттү. Бул коңшу мамлекеттердин чыныгы достугун даңазалап турат. Биз Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бардык макулдашууларды ишке ашырып, мындан ары дагы кызматташууга даярбыз", — деди Жапаров.

Сөзүнүн аягында тараптар эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу темасы боюнча сүйлөштү.

187
Белгилер:
жардам, жолугушуу, Ду Дэвэнь, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Лукашенко КРдеги элдик кошуунга суктанып, Беларуста да түзүүнү тапшырды. Видео
Новиков: товар өткөрүү маселесин Кытай менен эмки жумада сүйлөшөбүз
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев

Айыл чарба министри Токтогазиев үч багытка басым жасаарын айтты

257
(жаңыланган 14:51 30.10.2020)
Жаңы министр фермерлерди бириктирүү менен алардын күчтүү жана ийгиликтүү болушуна шарт түзүлөрүн белгилейт.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев ата мекендик фермерлердин шартын жакшыртуу максатында жүзөгө ашырыла турган үч процессти атады.

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн-маалымат жыйынга катышты.

"Фермерлерди бириктирүү менен биз аларды күчтүү жана ийгиликтүү кыла алабыз. Өлкөдө дыйкандар бир эле учурда агроном, технолог, маркетолог жана финансист болууга аргасыз. Биз сунуштап жаткан кооперация айыл чарбасына көп пайдасын тийгизет", — деди министр.

Ал эми экинчи процесс — санариптештирүү, үчүнчүсү — өнөр жайды кайра иштетүүнү өнүктүрүү. Бул кыргызстандыктарга товарды чийки эмес, кайра иштетилген түрүндө сатууга жол ачат.

Токтогазиев: текшерип жатабыз, эптеп эле иштеп жүргөндөр кызматтан алынат

"Мисалга картошканы алалы, эгер тазалап капка салып койсок, жөн гана таңгактоо болуп калат. Ал эми пюре жасоого ылайыкташтырып порошок түрүндө жасасак, кайра иштетүү болуп саналат. Муну менен транспорттук чыгымдарды азайтабыз. Эки жыл мурун картошканын баасы 4 сом болду, чет өлкөгө сатуу үчүн транспорт акысына килограммына 4 сом төлөш керек. Мында өзүн актабайт. Порошок түрүндө жасалса бир килограммын болжол менен 300 сомдон сатсак, жолго кеткен чыгым анча маанилүү болбой калат", — деди Токтогазиев.

Соңунда министр эң башкы тапшырмасы айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн реформа жүргүзүү экенин белгиледи.

257
Белгилер:
дыйкан, кайра иштетүү, өнөр жай, реформа, Тилек Токтогазиев, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Тема боюнча
Министр: китептерде ката кетпеши үчүн "Окуу китеби" борбору ачылды
Министр Бейшеналиев: мугалимдердин кагаз иштери азайтылат
Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады
Сейсмаограф маалыматтары. Архив

Түркияда экинчи ирет күчү 5 баллдан ашкан жер титиреди

0
(жаңыланган 00:00 31.10.2020)
Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын аймагынын Кушадасы районунан 20 чакырым алыс жайгашкан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Түркиянын Эгей деңизинин жээгинде күчү 5,1 баллга жеткен дагы бир жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Anadolu агенттигинин маалыматына таянып РИА Новости билдирди.

Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын аймагынын Кушадасы районунан 20 чакырым алыс жайгашкан. Анын кесепети боюнча азырынча маалымат жок.

Бул бүгүнкү күндүн эсебинен Түркиядагы экинчи жер титирөө. Биринчисинин күчү 6,6 баллга жетип, зилзаланын очогу Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Жер титирөөнүн очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзгөн.

Ураган имарат, кафеден чыга качкан эл. Түркиядагы зилзаланын видеосу

Акыркы маалыматтар боюнча, Измирдеги жер титирөөдөн көп кабаттуу үйлөр урап, 400дөн ашык киши жабыркап, 12 киши көз жумган.

0
Белгилер:
жаратылыш кырсыгы, жер титирөө, Түркия