Кыргызстан Centerra Gold Inc. менен сүйлөшүүдө эмне милдеттеме алды. Расмий жооп

Жазылуу
2009-жылкы келишим боюнча Centerra Gold Inc. компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү 33 пайызды түзчү.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуунун жыйынтыгында Кыргызстан өз мойнуна бир дагы кошумча милдеттеме алган жок. Бул тууралуу өкмөттө журналисттерге маалымат берип жатып Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

Эске салсак, буга чейин кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирген. Ага 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган болчу.

Документте эки тарап милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон милдеттенмелер жазылган. Ушул милдеттенмелер аткарылгандан кийин гана макулдашуу күчүнө кирмек.

"Кумтөрдүн" ИДПдагы үлүшү 9 пайызга жакын, өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 18 пайызга жакыны да "Кумтөргө" таандык. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында "Кумтөр" 9,37 тонна алтын өндүрдү. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөр катары 4,22 миллиард сом которгон. Макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин жалпы суммасы 87 миллион доллар келип түшөт. Мында Кыргызстан мойнуна бир дагы кошумча милдеттеме алган жок", — деди Осмонбетов.

Белгилей кетсек, 2009-жылкы келишим боюнча Centerra Gold Inc. компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү 33 пайызды түзчү. 2016-жылы тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерден кийин инвестор Түндүк Америкадан кошумча кен сатып алып, Кыргызстандын үлүшү 26,5 пайызга түшүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0