БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы 26-августтан тарта күчүнө кирген экологиялык стратегиялык макулдашууда Кыргызстан кандай пайда көрөрүн "Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков түшүндүрүп берди.
Алимбеков бул документ аркылуу Кумтөр кенине байланыштуу бардык экологиялык маселелерге чекит коюлганын айтып, мурдагы макулдашууга салыштырмалуу кандай жетишкендиктер болгонун санап берди.
2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган документ боюнча:
— Centerra Gold Inc. ишканасы Жаратылышты коргоо фондусуна 50 миллион доллар же 3,5 миллиард сом төлөмөк (бир жолку төлөм);
— Онкологиялык кызматты колдоо фондусуна 10 миллион доллар же 700 миллион сом (бир жолку төлөм);
— Экологиялык абалды жакшыртууга кеткен акчаны 2,7 миллион долларга (190 миллион сом) көбөйтүү (бир жолку төлөм);
— Казылган кенди толтуруу коруна 6 миллион доллардан (жыл сайын);
— Кыргызстандын сотторундагы жана эл аралык Арбитраждык соттогу иштерди жөнгө салуу.
Кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийинки өзгөрүүлөр:
— Экологиялык абалды жакшыртууга кеткен акча 2,7 миллион эмес, 3,7 миллион долларга жетти (258 миллион сом);
— Centerra Gold Inc. ишканасы Жаратылышты коргоо фондусуна бир жолу 50 миллион доллар же 3,5 миллиард сом төлөмөк. Эми ага кошумча жыл сайын 3,7 миллион доллардан түшүп турат;
— Сүйлөшүүлөр маалында Аймактарды биргеликте өнүктүрүү фондусу түзүлдү. Аты айтып тургандай эле, ал региондорду өнүктүрүү менен алектенет. Буга "Кумтөр" долбоорунун дүң өнүмүнүн 0,4 пайызы түшүп турат. Аны Centerra Gold Inc. Кыргызстанда иш алып барган акыркы күнүнө чейин төлөйт. Мындан тышкары, ушул эле фондго быйыл бир ирет 5 миллион доллар (350 миллион сом), 2020-жылы дагы дал ушундай суммада каражат түшөт;
— Техникалык долбоорго ылайык, Кумтөр кени 2026-жылга чейин иштеши керек болчу. Бирок инвестор 26 миллион доллар бөлүп, кошумча чалгындоо иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен кендин өмүрүн дагы 5-6 жылга узартууга мүмкүн экени белгилүү болду.Эскерте кетсек, Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстанда 2009-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган мыйзамдын негизинде иш алып барат. Ага ылайык, КРдин компаниядагы үлүшү 33 пайызды түзчү. 2016-жылы тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерден кийин инвестор Түндүк Америкадан кошумча кен сатып алып, Кыргызстандын үлүшү 26,5 пайызга түшүп кеткен.
Учурда алтын кенинде Кыргызстандын 2,5 миң жараны иштейт. Ошондой эле ишкана менен 700 подрядчы кызматташат.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 6-7 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал жыл башынан бери россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин дүң баасы 300 доллардан 500 долларга кымбаттаганын эске салды. Мындан сырткары, мунай баасы дагы 31 пайызга өскөн. Ал эми сом КМШ өлкөлөрүндөгү валюталардын ичинен көбүрөөк арзандаган.
"Март айында баалар өсөт. Жеке компаниялар чыгым тартыш үчүн иштебейт. Алардын маржасы минималдуу. Мартта баалар сөзсүз өсөт. Божомолубуз боюнча 6-7 сомго кымбаттайт", — деди Эшатов.Буга чейин аталган ассоциация 1-январдан 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышкан. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 31 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.
Анткен менен республикадагы АЗСтердеги бензиндин литрине болгон баа 13,8 пайызга же 4,9 сомго гана көтөрүлгөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Баткен облусунун чек аралаш аймактарында мобилдүү топтор иштеп, аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
УКМК, чек ара, салык, милиция, бажы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын, ӨКМдин облустук башкармалыгы жана аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгынын адистеринен түзүлгөн мобилдүү топтор аткезчилик тобокелчилиги жогору болгон аймактарда атайын мониторинг жүргүзүүдө.
"Кечээ, 2-мартта, мобилдүү топ Лейлек районунун чек арадагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылында, кыргыз-тажик чек арасынан өткөн Исфара — Худжанд жолунун боюнда жайгашкан (аталган жол Кыргызстандын аймагы аркылуу да өтөт) Кыргызстанга тийиштүү май куюучу жайларга (АЗС) кароо жүргүзүштү", — деп айтылат маалыматта.
Мобилдик топ май куюучу жайлардын ээлерине мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштебей турган жайлардын ээлерине мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болууну эскертишкен.
Белгилеп кетсек, эл арасында иштебей турган май куюучу жайлар кошуна мамлекеттерге аткезчилик жол менен күйүүчү май саткан учурлар жөнүндө такталбаган маалыматтар айтылып келет.
Аймактык салык кызматынын маалыматына ылайык, Исфара — Худжанд жолунун боюнда эле Кыргызстанга тийиштүү 26 май куюучу жай жайгашкан. Анын ичинен бүгүнкү күндө салык кызматы тарабынан мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасына (АСУ) туташкан 17 АЗС иштеп жатат.Ал эми калган 9 АЗС АСУ системасына туташпагандыктан салык кызматы тарабынан жабылган.
Лейлек районунда жалпы 73 май куюучу жай катталган. Учурда анын 42си АСУ системасына туташтырылып, иштеп жатат. 25 салык кызматы тарабынан жабылып, дагы алтоо ишке жараксыз экендиги аныкталган.
Белгилей кетсек, 1-мартта өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустун күч түзүмдөрү менен кеңешме өткөргөн. Анда аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырмаларды коюп, мыйзамсыз иш-аракеттерге токтоосуз чара көрүү талабын айткан.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча мониторинг жүргүзүү тууралуу атайын буйругу чыкты.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссиясы Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди.
Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынган, ага Калиева өзү катышкан эмес.
Буга чейин УКМК Калиева ар кандай шылтоо менен Дисциплинардык комиссиянын ишин чоюп келе жаткандыгын айткан. Буга Жогорку соттун маалымат кызматы жыйын башкы судьянын ден соолугуна байланыштуу жылдырылып келгенин билдирген.
Атайын кызмат "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. УКМК төрагасы бул ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин айтып, ага карата иш козголгонун билдирген.
Атайын органдын мындай маалыматына Жогорку сот жооп берип, акыркы учурда УКМК сот бийлигинин өкүлдөрүн негизсиз, далили жок айыптап жатканын айткан. Ошондой эле бул сот системасынын беделин түшүрүп жатканы кошумчаланган.