Кумтөр. Архивдик сүрөт

Кумтөрдө канча алтын калды? Өкмөттүн жообу

213
Кумтөр кенинде 1997-жылдан 2018-жылга чейин 350 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлдү.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 2019-жылдын 1-январына карата Кумтөр кенинде жалпысынан 104 тоннадан ашыгыраак алтын запасы бар. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

"Борбордук тилкесинде — 77 тонна 592 килограмм, Сары-Төр тилкесинде — 16 тонна 614 килограмм, түштүк-батыш тилкесинде — 10 тонна 136 килограмм алтындын кени бар. Жалпысынан алганда запастын көлөмү 104 тоннадан ашат", — деди Осмонбетов.

Анын айтымында, 2017-жылы борбордук тилкесинде, ал эми былтыр түндүк-чыгыш, борбордук жана түштүк-батыш тилкелеринде чалгындоо иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, 26-августтан тарта кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирди. Анын алкагында чалгындоо иштерине 26 миллион доллар бөлүнгөн.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан Кумтөр кенинен 1997-жылдан 2018-жылга чейин 350 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлдү. 2017-жылы казып алынган алтындын көлөмү 17 тоннага жетсе, былтыр 16 тоннадай болгон.

213
Белгилер:
запас, алтын, Кумтөр, Эмил Осмонбетов, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Centerra Gold Inc. менен сүйлөшүүдө эмне милдеттеме алды. Расмий жооп
Жүк ташуучу унаа. Архив

Баткенде аткезчиликке бөгөт коюу үчүн мобилдүү топтор иштеп жатат

144
(жаңыланган 17:47 03.03.2021)
Мобилдик топ май куюучу жайлардын ээлерине мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Баткен облусунун чек аралаш аймактарында мобилдүү топтор иштеп, аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

УКМК, чек ара, салык, милиция, бажы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын, ӨКМдин облустук башкармалыгы жана аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгынын адистеринен түзүлгөн мобилдүү топтор аткезчилик тобокелчилиги жогору болгон аймактарда атайын мониторинг жүргүзүүдө.

"Кечээ, 2-мартта, мобилдүү топ Лейлек районунун чек арадагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылында, кыргыз-тажик чек арасынан өткөн Исфара — Худжанд жолунун боюнда жайгашкан (аталган жол Кыргызстандын аймагы аркылуу да өтөт) Кыргызстанга тийиштүү май куюучу жайларга (АЗС) кароо жүргүзүштү", — деп айтылат маалыматта.

Мобилдик топ май куюучу жайлардын ээлерине мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштебей турган жайлардын ээлерине мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болууну эскертишкен.

Белгилеп кетсек, эл арасында иштебей турган май куюучу жайлар кошуна мамлекеттерге аткезчилик жол менен күйүүчү май саткан учурлар жөнүндө такталбаган маалыматтар айтылып келет.

Аймактык салык кызматынын маалыматына ылайык, Исфара — Худжанд жолунун боюнда эле Кыргызстанга тийиштүү 26 май куюучу жай жайгашкан. Анын ичинен бүгүнкү күндө салык кызматы тарабынан мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасына (АСУ) туташкан 17 АЗС иштеп жатат.

Ал эми калган 9 АЗС АСУ системасына туташпагандыктан салык кызматы тарабынан жабылган.

Лейлек районунда жалпы 73 май куюучу жай катталган. Учурда анын 42си АСУ системасына туташтырылып, иштеп жатат. 25 салык кызматы тарабынан жабылып, дагы алтоо ишке жараксыз экендиги аныкталган.

Белгилей кетсек, 1-мартта өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустун күч түзүмдөрү менен кеңешме өткөргөн. Анда аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырмаларды коюп, мыйзамсыз иш-аракеттерге токтоосуз чара көрүү талабын айткан.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча мониторинг жүргүзүү тууралуу атайын буйругу чыкты.

144
Белгилер:
мобилдик топ, аткезчилик, чек ара, Баткен
Тема боюнча
Баткен: 2020-жылы аткезчиликтен казынага 10 миллион сомдон ашык каражат түштү
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев

Айдаралиев: дотация менен берилген үрөндүн сапатына кепилдик берилет

28
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев учурда республика боюнча 58 миң тонна үрөн керектелсе, ошонун 26 миңи текшерүүдөн өтүп даярдалганын маалымдады.
Айдаралиев: дотация менен берилген үрөндүн сапатына кепилдик берилет

Дотациялык үрөндүн сапатына аны саткан инспекция кепилдик берет. Бул тууралуу Таалайбек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кардын жазга жетпей эриши дыйкандардын айдап-себүү иштерине эрте даярдануусуна түрткү болгон.

"Мындан тышкары, былтыр үрөндүн 30 пайызын дотациялоонун алкагында 2 миң 300 тонна үрөндү элге таратканбыз. Быйыл дагы 17 миллион сомго 1600 тонна үрөн даярдалып таратылууда. Быйыл керектелүүчү үрөндүн 20 пайызы былтыркы күздөгү түшүм. Башкача айтканда, сапаттуу үрөн дыйкандар аркылуу дагы таратылууда. Бул жерден үрөндүн сапаты боюнча суроо жаралышы ыктымал. Үрөн инспекциясынан сертификат алган үрөндүн түшүмүнө кепилдик берилет. Болгону анын тийиштүү документи болушу шарт. Ошондой учурда комиссия жиберилип, тийиштүү экспертиза жүргүзүлөт. Эгерде үрөндөн кемчилик болуп түшүм начар болуп калса, аны саткан инспекция жооп берет", — деди Айдаралиев.

Аткаминер дотациялоо боюнча долбоор 2-3 жыл ушундай темп менен көбөйсө, анда 3-4 жылда жалпы Кыргызстанды сапаттуу үрөн менен камсыздоого мүмкүн болорун кошумчалады.

28
Белгилер:
дыйкан, айыл чарба, үрөн, Таалайбек Айдаралиев
Тема боюнча
Баткенде айыл чарбаны өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя бериле баштады
Спирт ичимдиги. Архив

Аксыда уулангандар эмне ичип-жегени айтылды

0
(жаңыланган 14:27 04.03.2021)
Санэпидкөзөмөл борборунун маалыматына ылайык, каза болгондор спирт ичимдигин ичишкен. Иликтөө иштеринин жыйынтыгына ылайык кошумча маалымат берилери айтылды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Санэпидкөзөмөл борборуна таянып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ууланып каза болгон алты адам тууралуу маалымат таратты.

Борбордун адистери менен аймактык оорукананын дарыгерлери биргеликте жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен уулангандар суу кошулган спирт ичишкени аныкталган.

"Ыкчам маалымат боюнча, 2-март күнү Кара-Суу айылынын 19 тургуну Кара-Жыгач айыл аймагындагы кафеде түштөнүшкөн. Жабырлануучулар салат, бешбармак жеп, суу кошулган спирт ичимдиктерин ичишкенин билдиришкен. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", — деп жазылат маалыматта.

Министрлик каза болгондордун баары Кара-Суу айыл аймагынын тургундары болгонун кошумчалап, аты-жөнү такталганын билдирген.

Маалыматта үч киши үйүнөн, дагы үчөө ооруканага түшкөндөн кийин көз жумганы айтылды. Аксынын оорукунасында бир адам дарыланууда, анын абалы орточо оор деп бааланып жатат.

0
Белгилер:
Аксы, Каза болгондор, уулануу
Тема боюнча
Аксыда үч адам ууланып каза болду, ооруканага түшкөндөр бар
Конокко барышкан. Аксыда ууланып каза болгондордун саны 6 адамга жетти
Аксыда ууланып каза болгондордун ким экени такталды. Тизме