Кумтөрдө 5 миллиард долларлык алтын калды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДеятельность горнодобывающей компании "Kumtor Gold Company" в Иссык-Кульской области
Деятельность горнодобывающей компании Kumtor Gold Company в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кумтөр кенинде 1997-жылдан 2018-жылга чейин 374 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. 2019-жылдын 1-январына карата Кумтөр кенинде жалпысынан 104 тоннадан ашыгыраак алтын запасы бар. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

"Борбордук тилкесинде — 77 тонна 592 килограмм, Сары-Төр тилкесинде — 16 тонна 614 килограмм, түштүк-батыш тилкесинде — 10 тонна 136 килограмм алтындын кени бар. Жалпысынан алганда запастын көлөмү 104 тоннадан ашат", — деди Осмонбетов.

Кыргызстандагы алтын кендери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагы алтынга бай. Карта
Белгилей кетсек, троя унциясынын (31,1 грамм) Лондондогу банктар аралык алтын рыногундагы баасы 1 миң 540.2 доллар турат. Бул дээрлик дүйнөлүк баа. Эсептеп көрсөк, азыркы баа менен жогорудагы үч тилкеде сакталып жаткан алтындын наркы 5,1 миллиард доллардан ашат.

"Кумтөр" ишканасынын сайтындагы маалыматка караганда, 1997-жылдан 2018-жылга чейин 374 тоннадан көбүрөөк алтын казылган. Бүгүнкү күндөгү баа менен эсептегенде бул 18,5 миллиард доллардын тегереги болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0