Бишкек — Токмок газ түтүгү ачылды. Кыргызстандыктарга бул эмне берет?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВвод в эксплуатацию магистрального газопровода "Касимовское ПХГ — КС Воскресенск" в Московской области
Ввод в эксплуатацию магистрального газопровода Касимовское ПХГ — КС Воскресенск в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл жана Нарын облустарына газ жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болору айтылды.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстанда "Бишкек — Кант — Токмок" магистралдык газ өткөрмө-буруп кетме жана "Токмок" деп аталган газ бөлүштүрүүчү станция ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган объектинин ачылыш салтанатына видео-көпүрө аркылуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышкан.

"Газпром" компаниясы Кыргызстанда иштей баштагандан тартып, ал өзүнө алган милдеттенмелерин толук өлчөмдө аткарып жатат. Ата мекендик газ тармагына 25 миллиард сом салынды. Социалдык долбоорлор активдүү ишке ашырылып жатат", — деген Жээнбеков.

Школа в южной части Бишкека построенная в рамках проекта Газпром — детям - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Газпромдун" мектебинин ачылышына Жээнбеков катышты
Мамлекет башчы Токмок шаары өлкөнүн ири өнөр жай борборлорунун бири болгондуктан анын энергетикалык коопсуздугунун мааниси чоң экендигин айткан.

"Бул долбоор Чүй облусунун энергетикалык потенциалын жогорулатат жана башка региондорго да газ жеткирүүнүн пайдубалы болот деп ишенебиз", — деген мамлекет башчысы.

Маалыматка таянсак, 2014-жылы өлкөнү газ менен камсыз кылуу 22 пайызды түзсө, 2018-жылдын акырына карата бул көрсөткүч 30 пайызга жеткен. Учурда 40 миңден ашык үй чарбалары газ менен камсыз болгон.

"Өлкөнү мунай заттары, авиа отун, жаратылыш газы менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылып жатканы үчүн компанияга ыраазылык билдиргим келет. Кубана турган нерсе, 2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын же калк жашаган 400 пунктту көгүлтүр от менен камсыз кылуу болжолдонууда", — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Газ түтүгүн куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын Кыргызстан аркылуу өтчү газ куурунун орду такталып бүтүп калды
Мамлекет башчысы "Газпромдун" инвестициялары атамекендик экономикага жана экологияны сактоого оң таасир этип жатканын өзгөчө белгиледи.

"Газпром Кыргызстандын" пландары көп экенин билем. Биз бардык макулдашуулар аткарылат деп ишенебиз жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга даярбыз", — деди Жээнбеков.

"Бишкек — Кант — Токмок" магистралдык газ өткөргүч-буруп кетме жана "Токмок" газ бөлүштүрүүчү станциясын ишке киргизүү Токмок жана Кант шаарларынын керектөөчүлөрүн газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылары айтылды.

Мындан сырткары, Ысык-Көл жана Нарын облустарына газ жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болору да кабарланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0