Этти кайра иштеткен ишкана. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда этти кайра иштеткен 296 ишкананын үчөө гана стандартка төп келет

329
(жаңыланган 14:02 05.09.2019)
Кыргызстанда адал индустриясынын концепциясы кабыл алынгандан кийин гана жылыштар боло баштаганы айтылды.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда этти кайра иштеткен 296 ишкана болсо, анын үчөө гана стандартка туура келет. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Ал биринчи окууга киргизилет.

Депутат Экмат Байпакбаев мыйзам долбоорунун негиздемесинде Кыргызстан боюнча этти кайра иштеткен 296 ишкана бар деп жазылганына токтолду. Бирок иш жүзүндө болгону 3 гана ишкана стандартка туура келери осол иш экенин айтып, талапка жооп берген ишканаларды көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Талкуу учурунда экономика министри Санжар Муканбетов адал индустриясында эки триллион доллар айланарын эске салып, Кыргызстанда бул жаатта ишти илгерилетүү үчүн концепция кабыл алынгандан кийин жылыштар болуп жатканын айтты.

Мисал катары былтыр 1,5 миң тонна эт экспорттолгонуна токтолду.

329
Белгилер:
адал, халал, экспорт, ишкана, эт
Тема боюнча
Депутаттар азык-түлүктөгү "Халал" деген жазуудан күмөн санап жатышат
Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

Быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө 18 млрд сомдон ашык акча жумшалды

54
(жаңыланган 10:30 11.08.2020)
Жыл аягында 32 миллиард сом төлөө пландалган, бирок карызды кайтаруунун мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу донорлор менен макулдашылды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 2020-жылдын январь-июль айларынын аралыгында Кыргызстан 18 миллиард 84,4 миллион сомду мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшаган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында айтылат.

Адегенде аталган чыгымга 28 миллиард сом коротуу пландалган, бирок доллардын курсунун өсүшү жана башка себептерден улам төлөм дагы 4 миллиардга көбөйгөн.

Өкмөт: Кытай баштаган бир катар өлкө Кыргызстандын карызын сурабай турат

Жети айдын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй каражат төлөнгөн:

  • тышкы карыз — 8 миллиард 371,6 миллион сом;
  • ички карыз — 9 миллиард 712,8 миллион сом.

Июнь айынын аягында мамлекеттик карыз 4,8 миллиард долларды түздү. 6-августка карата эл аралык уюмдардан Кыргызстанга 333,3 миллион доллар келген. Насыянын көпчүлүк бөлүгү бюджетти, жеке секторду жана саламаттык сактоо чөйрөсүн колдоого жумшалган.

Июль айында кыргыз өкмөтү дээрлик бардык кредиторлор менен 2020-жылдагы тышкы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү дагы 3-4 жылга жылдыруу жөнүндө макулдашууга жетишкенин жарыялаган.

54
Белгилер:
Финансы министрлиги, насыя, Тышкы карыз
Тема боюнча
ЕТӨФ кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болду
Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

ЕТӨФ кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болду

175
(жаңыланган 13:28 10.08.2020)
Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын кесепеттерине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу Россиянын Финансы министрлигинин сайтында жазылды.

"Региондук финансылык механизм катары иш алып барган фонд башка эл аралык каржы институттары жана донорлор менен биргеликте катышуучу-мамлекеттерге маанилүү колдоолорду көрсөтүп келет. Бул алардын каржылык туруктуулугун камсыздап, пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн кризиске каршы улуттук программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет", — деген Финансы министри жана ЕТӨФ кеңешинин башчысы Антон Силуанов.

Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын экономика, финансы жана социалдык тармактарга тийгизген таасирине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

Өкмөт: Кытай баштаган бир катар өлкө Кыргызстандын карызын сурабай турат

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду — катышуучу-мамлекеттердин экономикасын колдоодо регионалдык финансылык механизм болуп саналат. Анын каражатын эң көп Белоруссия алган. Аталган өлкөгө 5 миллиард доллар өлчөмүндө эки насыя менен бекитилген. Инвестициялык жана каржылык насыяларды, ошондой эле гранттар түрүндө каржылык колдоолорду Кыргызстандан сырткары Тажикстан менен Армения алып турат.

175
Белгилер:
каражат, насыя, Евразия, Кыргызстан
Тема боюнча
Былтыр банктар элге канча насыяны кандай максатта берген. Сандар
Карабаева: насыя боюнча жеңилдик алгандардын 28%ы соодагер
Ишканалардын дебитордук карызы көбөйдү. Статистика
Муштумун түйүп турган адам. Архив

Насыя үчүн аялын өлтүрө сабаган зөөкүр. Июлдагы соттук чечимдер

35
(жаңыланган 16:23 11.08.2020)
Узап кеткен айда өлкө аймагындагы Фемида өкүлдөрү бир топ чуулуу иштерди карап чыкты. Алардын арасында кызматтык, экономикалык мүнөздөгү жана адам өмүрүн алган кылмыштар да бар.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги июлдагы төбө чачты тик тургузган кылмыштардын айрымдарын сунуштайт.

Россияда сатылган КРдин паспорттору. Өзбекстандын жараны 2015-жылдан бери Россияда айдоочу болуп иштеп келген. Бирок 2019-жылдан баштап ЕАЭБдин миграция боюнча мыйзамдары күчүнө кирип, уюмга мүчө эмес мамлекеттерден баргандардын иштөөсүндө кыйынчылыктар жаралган. Ошондо айыпталуучу интернет аркылуу 45 миң рублге КРдин жасалма паспортун алган. Көп өтпөй ал россиялык укук коргоо органдарынын колуна түшүп, Кыргызстанга депортацияланган. Аны кайра "Манас" эл аралык аэропортундагы чек арачылар жасалма документ менен кармаган. Сот чет элдикти бир ай үй камагына калтырып, 110 миң сом айып салды.

Бишкекте 5 адамга кычкылтек концентраторун убадалап, алдап кеткен шектүү кармалды

Мурдагы аялын зордуктаган мамкызматкер. Мамлекеттик органда иштеген 29 жаштагы эркек ажырашып кеткен келинчегин түндө үйгө алып келип сабап, андан соң анын эркине каршы күч колдонуп зордуктаганы боюнча жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Тергөө маалында күнөөлөнүүчү ал түнү үйдө чогуу болгонун, кол көтөргөнүн, бирок келин менен жыныстык катнашта болбогонун билдирген. Погончондор материалдарды чогултуп, күбөлөрдөн көрсөтмө алып, ишти сотко өткөргөн. Фемида өкүлдөрү эргулду Жазык кодексинин 139-беренесинин ("Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү") биринчи бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, үч жыл түзөтүү жумуштарына бекитти. Ал эми келинге 150 миң сомго жакын акча төлөп бермей болду.

Насыя үчүн аялын өлтүрүп... Элетте жашаган эрди-катын банктан алган насыясынын айынан уруша кетишип, мас болгон бүлө башчысы аялын катуу сабап салган. Кожойке окуя болгондон бир нече саат өткөндөн кийин эле төшөктө жатып көз жумган. Аны байкаган күйөөсү коркуп кетип кошуналарын жана милиция кызматкерлерин чакырган. Зөөкүр эргул эми бир нече жылга темир тор артында калып, ири көлөмдө айып пул төлөйт.

Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөдү делген эки өспүрүм камакка алынды

Көчөдөгү зөөкүрчүлүк. Мурда соттолгон 24 жаштагы жигит көчөдө бейтааныш эркек менен арак ичип, экөө мушташа кеткен. Ал бөтөлкөлөш шеригинин колу-бутун байлап, оозуна чүпүрөк тыгып, катуу сабаган. Анысы аз келгенсип, үстүнө автоунаанын дөңгөлөгүн таштап кетип калган. Берки адам баш сөөгүнөн жаракат алып, мээсине кан куюлуп өлгөн. Соттук-психиатриялык экспертиза айыпталуучу кылмыш жасаган маалда акыл-эси ордунда, кылгандарына жооп берген абалда болгон деген бүтүм чыгарган. Эми ал 12,5 жыл темир тор артында болот.

Бычакташкан жаштар. Мектепти жаңы эле бүтүргөн бала өзүнүн сүйлөшкөн кызынын мурдагы жигити менен көчөдө кезигип, чаламандын чак түшүндө аны бычактап салган. Жыйынтыгында 18 жаштагы баланын ашказан, бөйрөгү бычактан жабыркап, ооруканада көз жумган. Жаштардын урушу кыздын айынан чыккан. Адам өмүрүн алган улан 12,5 жылга кесилди.

Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган бала өмүр бою эркинен ажыратылды

Кемпирдин өмүрүнө кол салган ишкер. Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургуну ишкерлик менен алектенип, жеке фирманын жетекчиси болуп иштеп келген. Ал 2005-2006-жылдары мамлекетке 4,5 миллион сомдон ашык бажы төлөмдөрүн бербей Казакстанга качып кетип, издөөгө алынган. Бир нече жыл өткөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, таксист болуп иштеп, пенсия курагындагы бир кемпирге азык-түлүк жеткирип берип тыйын таап жүргөн. Күндөрдүн биринде ал жалгыз жашаган пенсионер менен тил табыша албай, жашы улгайган аялды өз батиринде балка менен башка чапкылап өлтүрүп койгон. Эртеси милицияга өзү келген. Сот аны 17 жылга темир тор артына кесип, 100 миң сомго жыккан.

35
Белгилер:
соттук чечим, өкүм, кылмыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Саймаитинин өлүмү: экс-консул айып төлөп, бошоп чыкты
Талас башчысынын "кеңешчиси" сүзгөн велосипедчи көз жумду. Мураталиев үн катты
Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган бала өмүр бою эркинен ажыратылды