Акча. Архивдик сүрөт

Аймактардагы долбоорлорду ишке ашырууга 222 млн. сом бөлүндү

57
195 долбоордун бири толугу менен бүткөрүлдү.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 195 долбооруна "Дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен 222 миллион 253,9 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

195 долбоордун бири толугу менен бүткөрүлдү.

Гранттардын региондор боюнча бөлүштүрүлүшү:

— Жалал-Абад облусу боюнча 41 объектиге — 50 миллион 666 миң сом;

— Ош облусу боюнча 36 объектиге — 41 миллион 413 миң сом;

— Чүй облусу боюнча 32 объектиге — 33 миллион 507 миң сом;

— Ысык-Көл облусу боюнча 31 объектиге — 31 миллион сом;

— Нарын облусу боюнча 21 объектиге — 28 миллион 898 миң сом;

— Баткен облусу боюнча 22 объектиге — 21 миллион 409 миң сом;

— Талас облусу боюнча 12 объектиге — 15 миллион 353 миң сом.

Белгилей кетсек, "Кыргызстандын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамында "Дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча 600 миллион сом каралган.

57
Белгилер:
экономика, грант, Кыргызстан
Тема боюнча
Гемодиализ, мейманкана, жол... Мамлекет жеке өнөктөш менен ишке ашырчу долбоорлор
Эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдар аталды. Тизме