Министрлик: АКШ менен Кытайдын соода согушу Кыргызстанга да таасир тийгизет

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүСоода. Архив
Соода. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мында кеп 2022-жылга чейинки макроэкономикалык божомол тууралуу болууда.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода тиреши Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизет. Бул тууралуу Экономика министрлиги тарабынан даярдалган макроэкономикалык божомолдо айтылат.

Мындай маалымат 2020-жылга карата республикалык бюджеттин жана 2021-2022-жылга карата божомолу боюнча долбоорду коомдук угууга алып чыкканда белгилүү болду.

Министрликтин билдиргени боюнча, өлкө экономикасына төмөнкү тышкы факторлор таасир этет:

  • Кытай менен АКШнын ортосундагы тирештин курчушу менен дүйнө экономикасынын өсүүсүнүн жайлашы;
  • Кытай экономикасынын өнүгүүсүнүн жайлашы;
  • Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү Россияга каршы санкциялардын күчөшү жана РФтин жооп кайтарышы;
  • дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн экономикасындагы кредиттик-акча саясатынын өзгөрүү ыктымалдуулугу. Бул өз кезегинде дүйнөдөгү финансылык шарттардын начарлашына, көмүскө операцияларга каршы туруу үчүн Россиядагы акча которууларга чектөө киргизүүгө алып келет;

Ички факторлор:

  • энергетика жана агро өнөр жай комплексине таасир этүүчү табигый-климаттык фактор;
  • бейформалдуу экономиканын өрчүшү.

Буга чейин эксперттер Кытай менен АКШнын ортосундагы соода тирешинен Кыргызстан керек болсо пайда көрөрүн айтып беришкен. https://sputnik.kg/economy/20190828/1045551492/aksh-menen-kytajdyn-sooda-tireshi.html

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0