Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

Жыл сайын бирден ТЭЦ! 2022-жылга чейин мамлекеттик карызга канча акча коройт

134
(жаңыланган 17:49 06.09.2019)
Жыл сайын мамлекеттик карызга төлөнө турчу акчанын көлөмү өсүп жатат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жакынкы үч жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 100,5 миллиард сом сарпталат. Бул тууралуу кийинки жана 2021-2022-жылдарга карата пландалган республикалык бюджеттин долбоорунда айтылат.

Алардын көбү тышкы карызды төлөөгө кетет.

Жыл боюнча алып караганда абал төмөндөгүдөй:

  • 2020 — 28 миллиард 818,8 миллион сом;
  • 2021 — 34 миллиард 668,8 миллион сом;
  • 2022 — 36 миллиард 997,8 миллион сом.

Эгер жалпы сумманы Улуттук банктын азыркы курсу (2019-жыл 6-сентябрь) менен эсептегенде 1 миллиард 438,3 миллион долларды түзөт.

Белгилей кетсек, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо үчүн 386 миллион доллар насыя алынган болчу.

134
Белгилер:
долбоорлор, бюджет, насыя
Тема боюнча
Былтыр Кыргызстанда 20 млрд. сомдук салык чогулбай калган
Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

Быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө 18 млрд сомдон ашык акча жумшалды

59
(жаңыланган 10:30 11.08.2020)
Жыл аягында 32 миллиард сом төлөө пландалган, бирок карызды кайтаруунун мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу донорлор менен макулдашылды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 2020-жылдын январь-июль айларынын аралыгында Кыргызстан 18 миллиард 84,4 миллион сомду мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшаган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында айтылат.

Адегенде аталган чыгымга 28 миллиард сом коротуу пландалган, бирок доллардын курсунун өсүшү жана башка себептерден улам төлөм дагы 4 миллиардга көбөйгөн.

Өкмөт: Кытай баштаган бир катар өлкө Кыргызстандын карызын сурабай турат

Жети айдын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй каражат төлөнгөн:

  • тышкы карыз — 8 миллиард 371,6 миллион сом;
  • ички карыз — 9 миллиард 712,8 миллион сом.

Июнь айынын аягында мамлекеттик карыз 4,8 миллиард долларды түздү. 6-августка карата эл аралык уюмдардан Кыргызстанга 333,3 миллион доллар келген. Насыянын көпчүлүк бөлүгү бюджетти, жеке секторду жана саламаттык сактоо чөйрөсүн колдоого жумшалган.

Июль айында кыргыз өкмөтү дээрлик бардык кредиторлор менен 2020-жылдагы тышкы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү дагы 3-4 жылга жылдыруу жөнүндө макулдашууга жетишкенин жарыялаган.

59
Белгилер:
Финансы министрлиги, насыя, Тышкы карыз
Тема боюнча
ЕТӨФ кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болду
Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

ЕТӨФ кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болду

176
(жаңыланган 13:28 10.08.2020)
Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын кесепеттерине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу Россиянын Финансы министрлигинин сайтында жазылды.

"Региондук финансылык механизм катары иш алып барган фонд башка эл аралык каржы институттары жана донорлор менен биргеликте катышуучу-мамлекеттерге маанилүү колдоолорду көрсөтүп келет. Бул алардын каржылык туруктуулугун камсыздап, пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн кризиске каршы улуттук программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет", — деген Финансы министри жана ЕТӨФ кеңешинин башчысы Антон Силуанов.

Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын экономика, финансы жана социалдык тармактарга тийгизген таасирине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

Өкмөт: Кытай баштаган бир катар өлкө Кыргызстандын карызын сурабай турат

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду — катышуучу-мамлекеттердин экономикасын колдоодо регионалдык финансылык механизм болуп саналат. Анын каражатын эң көп Белоруссия алган. Аталган өлкөгө 5 миллиард доллар өлчөмүндө эки насыя менен бекитилген. Инвестициялык жана каржылык насыяларды, ошондой эле гранттар түрүндө каржылык колдоолорду Кыргызстандан сырткары Тажикстан менен Армения алып турат.

176
Белгилер:
каражат, насыя, Евразия, Кыргызстан
Тема боюнча
Былтыр банктар элге канча насыяны кандай максатта берген. Сандар
Карабаева: насыя боюнча жеңилдик алгандардын 28%ы соодагер
Ишканалардын дебитордук карызы көбөйдү. Статистика
Карантин аймагында турган кызматкер. Архив

Күйдүргү: Кара-Суунун Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди

0
(жаңыланган 18:43 11.08.2020)
Саламаттыктык сактоо министрлиги бир бейтапта күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталганын билдирди. Бейтартын абалы канатаандырарлык.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жергиликтүү тургундардын арасында күйдүргү чыккан Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине айыл өкмөттүн башчысысы Курманбек Мияшев билдирди.

Анын айтымында, карантин 18-августка чейин уланат. Эреже боюнча Тогуз-Булак айылынын тургундары сыртка чыга албайт жана аймакка башкалардын кирүүсүнө тыюу салынат.

"Бөтөнчө ооруган уйду союп, этин алгандар үйдөн чыкпай, өзүн обочолоп отурушу керек. Ошондой эле сырттан мал жандыктарды алып кирүүгө жана чыгарууга болбойт", — деди айыл өкмөттүн башчысы.

Эске сала кетсек, бүгүн, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Облустук ветеринардык инспекция лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жатканын айткан.

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

Ал арада Саламаттыктык сактоо министрлиги бир бейтапта күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталганын билдирди. Учурда бардык бейтардардын абалы канаттаандырарлык, керектүү дарылоону алып жатышат.

Райондо оорунун очогун чектеп, жок кылуу үчүн ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү кызматтар менен жыйын курушкан. Ошондой эле ооруну алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

0
Белгилер:
карантин, оору, күйдүргү, Тогуз-Булак, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу
Оштун Кара-Суусунда сегиз киши күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү