Айыл өкмөттөргө акчаны сарамжал пайдаланганды үйрөтүштү

Жазылуу
Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өткөн тренингдерге 613 адам катышты.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстандын региондорунда мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча тренингдер өткөрүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Окууга Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынан 613 адам катышкан.

Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
Аймактардагы долбоорлорду ишке ашырууга 222 млн. сом бөлүндү
Иш-чаранын максаты — айыл өкмөт башчыларынын жана тиешелүү адистердин мамлекеттик сатып алууларды пландоого, бул ишмердүүлүктүн майнаптуулугун жогорулатууга үйрөтүү.

Адистер тренингдин катышуучуларына "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча дагы түшүндүрмө беришти.

Ошондой эле жер-жерлердеги кызматкерлер онлайн режимде Мамлекеттик сатып алуулар порталынын жаңы модулдары менен иштөө боюнча практикалык окуудан өтүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0