Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев встретился с советником исполнительного директора Саудовского фонда развития Юсуфом бин Ибрагим Аль-Бассамом

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 61 айылдын турмушун жакшыртат

318
(жаңыланган 16:43 10.09.2019)
Премьер кыргыз тарап биргелешкен долбоорлор менен иштешүүгө даяр экенин жана мындан ары фонд менен кызматташууну кеңейтүүгө ишенимин билдирди.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев встретился с советником исполнительного директора Саудовского фонда развития Юсуфом бин Ибрагим Аль-Бассамом
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам менен жолугушту

Абылгазиев фонд өкүлүнө өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө, айыл чарба, саламаттык сактоо, суу менен камсыз кылуу, ирригация, мектеп менен жолдорду куруу тармагындагы бир катар долбоорлорду колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

"Баткен жана Талас облустарындагы 61 айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу боюнча долбоорго кол коюлгандыгына кубанычтабыз", — деди өкмөт башчы.

Премьер, андан сырткары, кыргыз тарап биргелешкен долбоорлор менен иштешүүгө даяр экенин жана мындан ары фонд менен кызматташууну кеңейтүүгө ишенимин билдирди.

Сауд өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам өз кезегинде кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал аталган фонд ар кыл багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда Кыргызстан менен натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууну колдой турганын белгиледи.

318
Белгилер:
Кыргызстан, Суу, айыл, Сауд Аравиясы, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
40 млн. сомдук чыгым... Ала-Арчада кырылган балыктардын чоо-жайы. Видео