Айыл чарба тармагында иштегендер 4,8 млрд. сомдук жеңилдетилген насыя алды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТүшүм чогултуп жаткан дыйкандар. Архив
Түшүм чогултуп жаткан дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын январынан тарта элеттегилерге жеңилдетилген насыя бериле баштаган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо – 7" долбоору боюнча 6-сентябрга карата 4 миллиард 854,5 миллион сомго 9823 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Итоги экономики года в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
КР ишкерлери капиталын чет жакка алып кетип жатат. Депутаттар коңгуроо кагууда
Атап айтканда, өсүмдүк өстүрүү максатында 2793 адам 1 миллиард 96,4 миллион сомдук насыя алган. Мал чарбачылыгы жаатына 2 миллиард 606,3 миллион сомдук 6737, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагына 1 миллиард 151,7 миллион сомдук 293 жеңилдетилген насыя берилген.

"Айыл чарбасын каржылоо – 7" долбоорунун алкагында өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү жаатында иштеген ишкерлерге жана жеке тараптарга жеңилдетилген насыя берилет. Каражатты коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелерден 6, 8 жана 10 пайыздык өлчөм менен алышат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0