БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Монголиянын бийлиги канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын геологиялык чалгындоого жана иштетүүгө уруксат берген лицензияларды жокко чыгарды.
Мындай чечимди 10-сентябрда Улан-Батордун административдик иштер боюнча кассациялык соту "Ноён-Уул тоолорун сактайбыз" деген бейөкмөт уюмунун арызын карап чыккан соң кабыл алганын Mongolnow порталы билдирди. Журналисттер билдиргендей, активисттердин өтүнүчү менен Монголиянын фемида өкүлдөрү Ноён-Уул тоосун улуттук корук катары тааныган. Анткени ал тоодо Хунндардын доорунан калган археологиялык баалуулуктар сакталып калганы айтылат.
Ал ортодо канадалык компания Улан-Батор сотунун чечимине байланыштуу билдирүү таратты. Алардын айтымында, 11-сентябрда Монголиянын министрлер кабинети сөз болуп жаткан тоонун статусун көтөрүү боюнча чечим кабыл алып, ал аймакка кирбеген 372А, 431А, 5082А жана 10810А тилкелериндеги геологиялык чалгындоо, колдонуу иштерин токтотту.
Чет элдик инвесторлор лицензия берилген жерлер Ноён-Уул тоосундагы тарыхый тилкелерден 10 чакырым, жергиликтүү эл сыйынган аймактан 15 чакырым алыс жайгашканын кошумчалашкан.
"Соттун чечими толугу менен аткарууга бериле элек жатып монгол өкмөтү атайлап жалган маалыматтарды таратууда. Эгер жагдай өзгөрүүсүз калса, Монголия мүчө болуп кирген инвестицияларды биргелешип коргоо жана сыйлоо боюнча эл аралык келишимге ылайык компания сот органдарына кайрылат", — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
"Ноён-Уулду коргойбуз" коомдук кыймылынын өкүлдөрү монголдор үчүн ыйык жерде кен казуу иштерине каршы күрөштү улантууну көздөп жатышат.
Монголияда канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын эки туунду компаниясы — 2004-жылдан бери алтын өндүрүп келген Boroo Gold жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн Centerra Gold Mongoliа компаниялары иштейт.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду.
"Бүгүнкү жолугушуу – бул өлкөдөгү ишкерликти, инвестицияны жана экспортту өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган мурдагы жолугушуулардын уландысы катары саналат. Иштин 70 пайызы программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен байланыштуу экендигин угуу кубанычтуу. Бизде программисттердин армиясы өсүп келе жатат, алардын көпчүлүк бөлүгү чет өлкөдө иштешет", — деди Марипов.
Ошондой эле ал мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы мамлекеттин кемчилиги экенин моюндады.
Ал жакын арада президенттин төрагалыгы астында чоң форум өткөрүлүп, санариптештирүү жана жаңы стратегияларды иштеп чыгуу маселеси талкууланарын белгиледи.
Өз кезегинде IT бизнестин өкүлдөрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Атап айтканда, мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашпай калууда.
"Биз мамлекетке жардам берүүгө даярбыз, ошол эле учурда биз мамлекеттин колдоосун да сезгибиз келет. Тилекке каршы, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашууларга байланыштуу институционалдык эс тутум жок. Бул санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Бизнес өкүлдөрү бир эле план жана милдеттерди жаңы дайындалган жетекчилерге бир нече ирет кайталап айтып берүүгө аргасыз болууда. Мындан тышкары, ишкерлерге жана инвесторлорго басым жасоолорду четтетүү керек", — деп айтышкан IT бизнестин өкүлдөрү.
Жыйынтыгында өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө убадасын берди.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Баткен облусундагы дыйкан, фермер, багбандар жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалаган өндүрүшчүлөргө жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Арзан насыялар айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Айыл чарбасын каржылоо-9" долбоорунун алкагында берилет.
"Алты жана он пайыздык насыялар дыйканчылыкка, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субъектилерин каржылоого, лизингге техника алууга берилет. Аймактын климаттык шартына ыңгайлуу, мисалы, суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу боюнча сунуштар колдоого алынат жана органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө артыкчылыктар берилет", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2020-жыл ичинде облус боюнча "Айыл Банк", "РСК Банк" тарабынан 914 ишкер мамлекеттен 432 миллион 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.
Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен лизингге техника алса, 10 ишкер кайра иштетүү багытында насыя алып, чакан ишкерлик баштаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен утуп алды.
Тыныбекова эртең алтын байге үчүн украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатыны (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.