Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке баш-аягы жарым миллиард сом которду

Жазылуу
Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолчу атайын эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолчу атайын эсепке 17 миллион 182 миң 970 сом которду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ошентип Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке баш-аягы 536 миллион 445 миң 462 сом которду.

Эске салсак, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча топтолчу атайын эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган. Ал мезгилден бери маал-маалы менен аталган эсепке каражат түшүп турат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0