1000-сомовые купюры на полу

Кыргызстандагы акчанын көптүгү рекорд артынан рекорд коюуда. График

343
(жаңыланган 11:22 18.09.2019)
Өлкөдөгү акчанын саны үч маанилүү көрсөткүч боюнча өсүп бара жатат. Тагыраагы, акыркы айда 4,7 миллиард сомго көбөйгөн.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Сентябрь айынын башына карата Кыргызстандагы акчанын саны жаңы рекорд койду. Муну Улуттук банк жарыялаган колдонуудагы акчалар боюнча үч көрсөткүч тастыктап турат.

Жыл башында рекорд коюлуп, бирок көлөмү бир аз азайган. Анткен менен июнь-июль айларында рекорд артынан рекорд коюлду. Ал эми сентябрдын башында дагы бир ирет жогорку баскычка чыкты. Мурдагы айларга салыштыра келгенде каражаттын көлөмү 2-4,7 миллиард сомго өскөн.

Колдонуудагы акча — бул насыя берүүчү уюмдардын кассасындагы калдык акчанын эсебин кошкондо элдин колундагы каражат болуп саналат.

Акча базасы — колдонуудагы жана финансылык (депозиттик) уюмдардын кордогу акчалары.

Кеңири аныктамадагы акча базасы — колдонуудагы жана ага кошумча резервдеги бардык каражаттар (чет элдик валюта жана сом), финансылык уюмдардын депозиттери.

Улуттук банк өлкө аймагынан чыгарылган каражаттар кайда кетери тууралуу да маалымат берген.

343
Белгилер:
рекорд, акча, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке баш-аягы жарым миллиард сом которду