Эртең Бишкекте Евразия жумалыгы башталат

Жазылуу
Иш-чара үч күнгө созулуп, эки миңге жакын адам катышат. Форумдун программасында 25 иштиктүү жана беш атайын иш-чара камтылган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. 25-27-сентябрь аралыгында Бишкекте "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Экономический форум Евразийская экономическая перспектива в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте өтчү "Евразия жумалыгында" талкуулана турган темалардын тизмеси
Төртүнчү форумга эки миңге чукул адам катышат. Алар экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелерин талкуулашат. Ошондой эле 200дөй спикер сөз сүйлөйт. Алардын катарында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Евразиялык экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян, ЕЭКтин министрлери жана ири бизнес өкүлдөрү бар. Пленардык жыйынды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ачып берет.

Форумдун программасында 25 иштиктүү жана беш атайын иш-чара камтылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0