Саркисян: "Евразия жумалыгы" ЕАЭБдин өнүгүүсү үчүн дем-күч берет

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународно-выставочный форум "Евразийская неделя — 2019" в Бишкеке
Международно-выставочный форум Евразийская неделя — 2019 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму башталды. Ага эки миңден ашык адам катышууда. Форумда экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Евразия жумалыгы ЕАЭБдин мындан ары өнүгүшүнө жаңы дем берет. Мындай пикирин иш-чаранын пленардык жыйынында Евразиялык экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян билдирди.

Анын айтымында, жалпы рынокторду биргеликте ачууга аракет кылуу зарыл.

"Тандап алган темабыз биз күндө кезигип жүргөн маселелерге байланыштуу. Андыктан биздин чөйрөдө иш алып барган адамдарды, тагыраагы, өкмөт өкүлдөрү менен бизнес коомчулуктун өкүлдөрүн чогулттук. Бирге отуруп, жаралып жаткан маселелерди талкуулайлы", — деди Саркисян.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев выступает на международно-выставочном форуме Евразийская неделя — 2019 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлгөн шарт жакшырууда
ЕЭК жетекчисинин айтымында, талкуу учурунда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы дем-күч берилет.

Белгилей кетсек, бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму башталды. Ага эки миңден ашык адам катышууда. Форумда экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелери талкууланып, 200дөй спикер сөз сүйлөйт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0