Кыргызстандык ишкерлер чет элдик сатып алуучуларды эмнеси менен тартат. Пикир

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖер жемиштер. Архив
Жер жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өндүрүшчүлөр да өздөрү өндүргөн товарлар, бизнеси жана пландары жөнүндө сааттап айтып берүүгө даяр экенин билдиришкен.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Мамлекеттик резиденциянын аймагында айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү өтүп жатат.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ал жерде Кыргызстандын ишкерлери Евразиялык экономикалык биримдикти кандай азык-түлүк продукциялары менен көңүл бурдурууга аракет кылып жаткандыгына кызыгып көрдү.

Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында балдан жасалган суфле, как, төө буурчак, алкоголь жана бир топ азык-түлүктөр тизилип турат. Бул "Евразия жумалыгы — 2019" деп аталган эл аралык көргөзмө форумунун алкагында өтүп жаткан айыл чарба көргөзмөсү.

Армения, Белоруссия, Казакстан менен Россиядан келген өндүрүшчүлөр да өздөрү өндүргөн товарлар жана бизнеси жөнүндө сааттап айтып берүүгө даяр.

Бал өндүргөн компаниянын коммерциялык директору Асылбек Асанбеков анын балы Кытай, Түштүк Корея, Япония, АКШ жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнө жеткенин, эми ЕАЭБди мелжеп турганын айтты.

"Россия жана Казакстан өздөрү бал өндүрөт, алардын баалары да арзан. Биз аз чыгаргандыктан кымбат турат, анткени менен кыргыз балы сапаты боюнча эң мыкты деп табылган. Азыркы милдет -муну элге, башкаларга жеткирүү", — деди Асанбеков.

Алкоголь ичимдиктерин чыгарган ишкананын башкы директору Шамил Маматханов өзү өндүргөн товарларын чет элдик конокторго уялбай эле көрсөтсө болорун айтты.

Международно-выставочный форум Евразийская неделя — 2019 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Саркисян: "Евразия жумалыгы" ЕАЭБдин өнүгүүсү үчүн дем-күч берет
"Учурда биздин продукция Россиянын рыногуна чыккан, эми башка мамлекеттерге багыт алып турабыз. Азыр Кыргызстан чыгарган товарларын эки жакка сыймык менен көрсөтө турган деңгээлге жетип калды", — деп баса белгиледи ал.

Мындай көргөзмөлөрдүн пайдасын сатып алган киши да сезерин төө буурчак боюнча компаниянын өндүрүш иштери боюнча менеджери Уран Дуйшембиев билдирди.

"ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоп жүрөбүз, бирок көп иштер ортомчулар аркылуу болууда. Биз сатып алган кишинин фасолду арзан алышы үчүн аларсыз эле иштегенди каалайбыз. Эгерде продукцияны ала турган киши менен ортомчусуз байланышсак, баа 10 пайызга түшөт эле", — деди ал.

Көргөзмөгө ондогон компаниялар чыгарган товарларын алып келген. "Евразия жумалыгы — 2019" деп аталган эл аралык көргөзмө форуму 25-27-сентябрь күндөрү өтүп, ага 2000ге чукул киши катышмакчы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0