Ата Мекен улуттук палатасынын төрагасынын орун басары Евгений Больгерт Евразия

Казакстандык ишкер Евразия жумалыгында мактанып да, арызданып да алды

135
(жаңыланган 15:14 25.09.2019)
Больгерт биринчи кезекте соодадагы тоскоолдуктардын айынан бизнес жоготууларга учурап жатканы боюнча сөз козгоду.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Казакстандык ишкерлердин "Ата Мекен" улуттук палатасынын төрагасынын орун басары Евгений Больгерт Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөгү бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча кеңештерин берди. Ал Бишкекте өтүп жаткан Евразия жумалыгына катышып жатат.

Больгерт биринчи кезекте соодадагы тоскоолдуктардын айынан бизнес жоготууларга учурап жатканы боюнча сөз козгоду.

"Чек арадагы көзөмөл өткөрүү бекеттериндеги көйгөйлөрдү тез чече турган кошумча механизм керек болуп турат. Балким тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болгон кандайдыр бир беш тараптуу жумушчу топ түзөттүрбүз", — деди Больгерт.

Ал ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү шарттарды жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Больгерттин айтымында, бул жаатта Казакстан тийиштүү иштерди аткарып келет.

Ассоциация башчысынын орун басары 2015-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта Казакстанда бирдиктүү ишканалардын саны өскөнүн кошумчалады. Мисал катары Кыргызстан менен биргеликте ачылган ишканалардын саны 350дөн 1500гө жеткенин айтты.

135
Белгилер:
бизнес, чек ара, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Бишкектеги "Евразия жумалыгы — 2019" форуму (24)
Тема боюнча
Премьер Абылгазиев сыртта жүргөн эмгек мигранттарын коргоп чыкты
Кыргызстан туризмге илгерки даңк-даңазасын кайтарууну көздөйт
Бизнес, бийлик жана жаман студент. Саркисян Кыргызстанды сындады