ЕАЭБде кызматтардын жалпы рыногу деген эмне? Министрдин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Сергей АладьевЕвразия экономикалык комиссиясынын экономика жана финансы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков. Архив
Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана финансы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, жалпы рынок түзүлсө, кызмат көрсөтүү менен алектенген ишкерлер өз өлкөсүндө гана эмес, ЕАЭБге кирген башка мамлекетте деле эч бир ашыкча документсиз иш кыла алат. Мындай жол менен аларга жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык бирикмесинин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногу кызматтарды сапаттуу жана арзан баада пайдаланууга шарт түзөт. Бул тууралуу журналисттерге Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана финансы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков билдирди.

Жаксылыков Евразия жумалыгында "Бизнес, акча, адам: ЕАЭБде интеграцияны тереңдетүү" сессиясында модератор болгон. Анын айтымында, сессияда ЕАЭБ экономикасынын маанилүү бөлүгүн түзгөн кызмат көрсөтүү жааты боюнча талкуулар жүргөн.

Супермаркеттеги жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы товарлардын эмнеге сапатсыз, кымбат экенин эксперт айтып берди
Жаксылыков жалпы рынок түзүлсө, кызмат көрсөтүү менен алектенген ишкерлер өз өлкөсүндө гана эмес, ЕАЭБге кирген башка мамлекетте деле эч бир ашыкча документсиз иш кыла аларын белгиледи. Мындай жол менен ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

Министр кошумчалагандай, азыр жалпы рынок түзүүгө тоскоолдуктар жетиштүү. Мисалы, ошол эле кызматкерлердин иш тажрыйбасы жана лицензия боюнча маселелер бар.

25-27-сентябрь күндөрү мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму өтүп жатат. Ага эки миңден ашык адам катышууда. Форумда экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелери талкууланып, 200дөй спикер сөз сүйлөйт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0