Ишкер инвестор издеп жатканда эмнеге басым жасоо керектигин эксперт айтып берди

Жазылуу
Эксперт инвесторду рентабелдүүлүк, жумшалган акчанын өзүн-өзү качан актай турганы сыяктуу маселелер кызыктыра тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Маалымат технологиялары тармагына инвестор издегенде анын рентабелдүүлүгү туурасында айтып бериш керек. Бул боюнча Central Asia Capital (Кыргызстан) компаниянын инвестициялык бөлүмүнүн жетекчиси Тариель Кошоев "Евразия жумалыгы-2019" форумунун "IT-Инвест шоусунда" айтты.

Анын алдында кыргыз-тажик компаниясынын айыл чарба тармагы боюнча долбоорун алып барып жаткан өкүлү сүйлөгөн. Аларга 20-40 миң доллар акча керек болгондугун айткан.

Кошоев бул презентацияны мурда көргөндүгүн, анда негизги көңүл техникалык учурларга бурулгандыгын билдирди. Маалыматта ал евразиялык жумалыкта техникалык багытка басым жасалган экинчи долбоор болгондугу айтылды.

"Чынын айтсам, инвестор кайсы бир нерселерге көңүл деле бурбайт. Аны рентабелдүүлүк, жумшалган акчанын өзүн-өзү качан актары, долбоордун кайсы бөлүгүнө инвесторду тартуу керектиги, үлүш сатылабы же жокпу деген суроолор кызыктырат", — деди Кошоев.

25-27-сентябрь күндөрү мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму өтүп жатат. Ага эки миңден ашык адам катышууда. Форумда экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелери талкууланып, 200дөй спикер сөз сүйлөйт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0