Евразиялык экономикалык комиссиянын техникалык маселелерди жөнгө салуу министри Виктор Назаренко. Архивдик сүрөт

ЕЭК министри техрегламенттин ишке киришинин создукканына нааразы болду

56
(жаңыланган 17:02 26.09.2019)
Назаренко мөөнөттү так белгилеп, ишти өз учурунда бүтүрүү сунушу болгону менен өлкөлөр муну каалабай жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. ЕАЭБдин алкагында техникалык 48 регламент кабыл алынып жана 23ү иштелип чыгып, дагы бир катарларынын иши создуктурулуп жатат. Бул тууралуу  Евразиялык экономикалык комиссиянын техникалык маселелерди жөнгө салуу министри Виктор Назаренко айтты.

Ал Бишкек шаарында өтүп жаткан "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форумунун алкагында өткөн маалымат жыйынында сүйлөдү.

"Биз техникалык 48 регламентти иштеп чыгып, кабыл алдык. График боюнча бекитилген дагы 23ү иштелип жатат. Регламентти даярдап чыгуу өтө жай жүрүүдө", — деген Назаренко дагы бир топ маселелерди санады.

Алардын эң эле биринчиси — өлкөлөрдүн ичинде макулдашуу иштеринин өтө эле кыйын болуп жатышы. Себеби регламент тармактар боюнча, анда продукциялардын көп топтору камтылган. Андыктан өлкөнүн ичиндеги кызыкдар болгон органдардын бардыгы макулдашуу ишине келгенде көп карама-каршылыктар жаралат. Бир позициядан алып иштеп чыгуу абдан кыйындыкка турат. Адатта мындай документтерди иштеп чыгуу өтө узакка созулуп, белгиленген мөөнөттөн өтүп кетип жатат.

"Бул айда абалга мониторинг жүргүзүп бүттүк, ишти оңдоп-түздөш үчүн жыйынтыгын премьер-министрлерге көрсөтөбүз. 23 регламент калды, график боюнча дагы 30дан ашуун өзгөрүүлөр бар. Көптөрү аткарыла элек. Бизге ушундай милдеттерди тагып коюшту, эми абалды оңдош үчүн аны кеңешке алып чыгабыз", — деди министр.

Анын айтымында, көптөр жөнгө салуунун улуттук тартибине токтолуу туурасында пикирлерин билдирген.

"Себеби азырынча милдеттүү түрдөгү улуттук талаптарды бекиткен регламент жок. Кээ бир учурларда мындан өлкөлөр пайдаланышат. Тагыраагы, алар улуттук мыйзамдуулукту, улуттук процедураларды сактап жатышат, ал эми регламент ар кыл себептерден улам кармалып жатат. Андыктан биздин милдет  абалды бардык жагынан так идентификация кылып чыгышыбыз керек", — деп кошумчалады ал.

Министр аталган жаатта мөөнөттү так белгилеп, ишти өз учурунда бүтүрүү сунушу болгону менен өлкөлөр муну каалабай жаткандыгын айтты.

25-27-сентябрь күндөрү мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму өтүп жатат. Ага эки миңден ашык адам катышууда. Форумда экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелери талкууланып, 200дөй спикер сөз сүйлөйт.

56
Белгилер:
техникалык регламент, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Бишкектеги "Евразия жумалыгы — 2019" форуму (24)
Тема боюнча
ЕАЭБде кызматтардын жалпы рыногу деген эмне? Министрдин түшүндүрмөсү
Саркисян: "Евразия жумалыгы" ЕАЭБдин өнүгүүсү үчүн дем-күч берет
Этти кайра иштетүүчү завод. Архивдик сүрөт

Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулуп, продукциясы экспорттолот

78
(жаңыланган 08:35 27.09.2020)
Завод ушул жылдын декабрь айынан тарта ишке киргизилсе, Ысык-Көл менен Нарын облустарынан эт алып турат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, жакында эле фонд төрт продукцияны: сүт, эт, балык жана жашылча-жемиштерди иштетүүгө насыя берүү чечимин кабыл алган.  Бул багыттар боюнча насыянын шарттары да жеңилдетилген. Мындан ары соода жүгүртүү капиталы дагы каржыланат, төлөмдөрдүн жеңилдетилген мөөнөтү эки жылдан үч жылга чейин узартылды, күрөөнүн коэффициенти да азайтылып, алынып жаткан пайыздын 50 пайызын гана түзүп калган.

7 миң киши жумуш менен камсыз болот. Ошто текстиль фабрикасы курулуп жатат

"Балыкчыда этти кайра иштетүү боюнча жаңы завод курулат. Ал жерге эт Ысык-Көл жана Нарын облустарынан сатып алынып иштелип чыгат да, чет өлкөгө эскпорттолот", — деди Аалиев.

Ошондой эле ал план боюнча аталган ишкана ушул жылдын декабрь айынан тарта иштке киргизилиши керектигин кошумчалады.

78
Белгилер:
кайра куруу, завод, Балыкчы
Тема боюнча
Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги
Алтын куйма. Архивдик сүрөт

КРдин алтын кору бир айда 16 миллиард сомго кымбаттады

87
(жаңыланган 11:02 26.09.2020)
Жакында эле Улуттук банктын алтын валюталык корунун көлөмү 3 миллиард доллардан ашып, тарыхый рекордго жеткен. Бул жерде бир гана алтын кору тууралуу маалыматтар айтылууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир айда дээрлик 16 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Август айынын башында алтындын кору 56 миллиард 893 миллион сомго бааланган, сентябрь айынын башында анын наркы 82 миллиард 824,8 миллион сомго жетти. Бул рекорддук көрсөткүч катары саналууда. Жыл башындагы баага салыштырмалуу 34 миллиард сомго өсүү бар.

Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксинги (иш жүзүндө дүйнөлүк баа үч күн сайын жаңыланып турат) бул мезгил аралыгында 14 долларга жогорулап, 1 972,35 долларды түздү. Кеп трой унциясынын наркы — 31,1 грамм жөнүндө болуп жатат.

Улуттук банк сомдун кунун түшүрбөй сакташ үчүн 11,2 миллион доллар сатты

Улуттук банктын төрагасы жакында эле алтын валютанын резерви тарыхый рекордду камсыздап, 3 миллиард доллардан ашканын билдирген болчу. Бул көбүнесе ички рыноктогу алтындарды сатып алуудан болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, Улуттук банкта баш-аягы 16 тонна алтын бар.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

87
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, валюта, экономика, алтын
Тема боюнча
Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти
Боронов алтын казып иштеген компаниялар канча салык төлөгөнүн айтты
Ооруканада жаткан киши. Архив

Армения менен Азербайжандын чыры: калк арасында өлгөндөр бар

0
(жаңыланган 16:38 27.09.2020)
Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасындагы атышуулардан улам эки жаран каза таап, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу республиканын акыйкатчысына шилтеме берип Sputnik Армения агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Тоолуу Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

“Эки киши каза таап, 50 киши жабыркады. Алардын арасында балдар жана аялдар бар. Инфраструктура талкаланды”, — деп айтылат кабарда.

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

Эске салсак, өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Эки өлкөнүн аскерлеринин Карабахтагы атышуусуна тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

0
Белгилер:
өлүм, атышуу, Чыр-чатак, Азербайжан, Армения
Тема боюнча
Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады