Кыргызстан желеги жана акча. Архивдик сүрөт

Жыл башынан бери мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешенин суммасы

146
Мамлекеттик бюджет — бул өлкөнүн капчыгы. Ал республикалык жана жергиликтүү болуп эки бөлүктөн турат. Республикалык бюджет өкмөт тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджет жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан түзүлөт жана аткарылат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ушул жылдын сегиз айында өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин жалпы кирешесинин көлөмү 98,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь-август айлары аралыгында 98,4 миллиард сомдун 86,1 миллиарды республикалык бюджеттин кирешиси. Калган 13,9 миллиард сому жергиликтүү бюджетке келип түшкөн каражаттар.

Мамлекеттик бюджет — бул өлкөнүн капчыгы. Ал республикалык жана жергиликтүү болуп эки бөлүктөн турат. Республикалык бюджет өкмөт тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджет жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан түзүлөт жана аткарылат.

Мамлекеттин капчыгына киреше булактары болуп салыктар, жыйымдар, дивиденддер, гранддар саналат.

Баса, былтыр киргизилген жеңилдиктерден улам 20 миллиард сомдук салык чогулбай, мамлекеттик бюджет чыгымга учураган

146
Белгилер:
киреше, Киреше, бюджет, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Өлкө жыл башынан бери 16,2 млрд. сомдук карыздан кутулду
Электр зымдары. Архив

Эскирген жабдуу, тарифтүү болгон майнинг-фермалар. Энергетиканын азыркы абалы

22
(жаңыланган 13:52 03.06.2020)
Кыргызстанда электр энергиясына байланыштуу көп маселени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү чечет. Быйыл ал азайып кеткендиктен, экспортту унутуп, тескерисинче, электр жарыгын сатып алганы жатабыз.

Быйыл Кыргызстандын энергетика тармагында бир катар өзгөрүүлөр болду. Айрым категориялар боюнча электр жарыгынын баасы өзгөртүлдү. Ошондой эле мурда өзүнчө тариф каралбаган майнинг-фермаларга анык бир төлөм белгиленди.

Мындан тышкары, 2020-жылда кургакчылык болору күтүлүп жаткандыктан, электр энергиясын эскпорттоону токтотуп, тескерисинче, коңшу өлкөлөрдөн импорттогону турабыз.

Төмөндө Sputnik редакциясынын окурмандарын Кыргызстандын энергетика тармагындагы азыркы абал менен тааныштырабыз.

Тариф саясаты

Өкмөт 27-мартта 2020-2023-жылдарга карата баа саясаты боюнча токтом кабыл алган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа айрым категориялар үчүн өзгөрөт.

Бир киловатт-саатка тарифтер төмөндөгүдөй (салыктарды эске албаганда):

  • Балдар үйлөрү үчүн — 1,58 сом (азыркысы 2,24 сом);
  • Электр кубаты менен жүргөн транспорт заряд алчу жайлар — 1,58 сом (эгер мындай жайлар ачылып калса, алар троллейбустук ишканалардын тарифи менен төлөй турганы каралган);
  • Майнинг-фермалар үчүн — 2,91 сом (бул категорияга өзүнчө тариф каралган эмес).

Суу  сактагыч. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мындан тышкары, Улуттук энергохолдинг тоо-кен тармагында иштеген компаниялар үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү өкмөткө сунуштап жатат. Энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаровдун айтымында, эгер өкмөт компаниянын сунушун жактырса, бул ишканалар электр энергиясынын бир киловатт-сааты үчүн 1 сом 3 тыйындан төлөп калат. Мындай жол менен Улуттук энергохолдингдин карыздарынан кутулса болот экен.

Кредиттер

Карыз демекчи, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери энергетика тармагында жалпы суммасы 2 миллиард 152,8 миллион долларга бааланган 42 келишимге кол коюлган (анын ичинен дээрлик 300 миллиону грант, калганы насыя түрүндө). Жалпы суммадан 1 миллиард 434,8 миллион доллар өздөштүрүлдү. Калган сумма долбоорлорду ишке ашырууда же тендерлерден үнөмдөлдү. Экинчиден, айрым долбоорлор аягына чыга элек.

Эми бул береселерден акырындык менен кутулуу керек. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет жетекчисинин милдетин аткаруучу Мухаммедимин Аскаровдун айтымында, эң жогорку төлөмдөр 2025-2031-жылдарга туура келет.

Кийинки 13 жыл ичинде төлөм 5 миллиард сомдон төмөн.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын тышкы карыздагы үлүшү 103 миллиард сом (1,35 миллиард доллар) экенин жана аны бересе компаниялар өздөрү төлөй турганын айткан эле. Баса, бул жаатка насыялар жабдууларды жаңылоо үчүн алынат.

Кендирди кескен кургакчылык

Кыргызстанда электр энергиясына байланыштуу көп маселени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү чечет. Быйыл курчакчылык болору божомолдонуп, эмитен эле суунун көлөмү азыраак экени айтылууда. Мисалы, былтыркы май айында 13 миллиард куб метр болсо, быйыл өткөн айда бул көрсөткүч 12 миллиардга түштү. Мындан улам Кыргызстан 2020-жылы 1 миллиард киловатт-саатка чейин электр энергиясын импорттоону пландап жатат. Анын ичинен 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын алуу боюнча Казакстан менен макулдашуу болду.

Депутат ЖК от фракции Кыргызстан Айтмамат Назаров
© Фото / пресс-служба ЖК
Улуттук энэргохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров
"Ал декабрь айынын соңунан баштап келе баштайт. Мындан сырткары, Кыргызстан менен Казакстан 300 миллион киловатт-саатты алмашат: электр кубаты жайкысын Казакстанга жиберилсе, күзүндө кайра кайтарылат", — деди Улуттук энэргохолдингдин башчысы Назаров.

Анын айтымында, импорт ички баага таасир этпейт. Учурда Тажикстан жана Түркмөнстан менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жабдуулардын абалы

Улуттук энергохолдингдин генерация жана энергетика өткөрүү башкармалыгынын эксперти Аскат Абылаев Кыргызстандагы энергетика жабдуусунун 90 пайызы эскирип бүткөнүн айтат. Анын пикиринде, бул абал өтө эле начар дегенди билдирет. Адис ушу тапта жабдууларды алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп, тизмеде Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтери бар экенин кошумчалады.

22
Белгилер:
импорт, насыя, энергетика, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
Каатчылык коркунучу жана ЕАЭБдин жаңы стратегиясы. Жыйынга сереп
Тоо-кен компаниялары колдонгон электр энергиянын баасын көтөрүү сунушталды
Вице-премьер Эркин Асрандиев

Өкмөт: жыштык маселесин Абылгазиев эмес, Асрандиев талкуулаган

82
(жаңыланган 12:35 03.06.2020)
Асрандиев радиожыштыктар мамлекеттин активи болуп саналарын жана мамлекет жыштык ээси катары пайда көрүүчү болушу керектиги тууралуу позициясын айтканы кабарланды.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Радиожыштык маселеси боюнча тиешелүү компаниялар менен вице-премьер Эркин Асрандиев жана өкмөт аппаратынын кызматкерлери жолуккан. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирүү таратты.

Социалдык тармактарда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин "Верный капитал" жана "Скай Мобайл" компанияларынын өкүлдөрү менен жолуккандыгы тууралуу тараган маалымат боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы аталган жолугушуунун кыскача стенограммасын жарыялады.

Анда 15-майда Абылгазиев эмес, вице-премьер Эркин Асрандиевдин жана өкмөттүн аппарат кызматкерлеринин "Верный капитал" компаниялар тобунун башкы директору, анын өнөктөшү Ерлан Оспанов жана "Скай Мобайл" ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен Кыргызстандагы "Скай Мобайл" компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча жолугушуусу өткөндүгү айтылган.

"Жолугушуу учурунда негизинен салык жана радиожыштыктар маселелери талкууланды. Анын ичинде Салык кызматынын жана компаниянын ортосунда талаштуу болгон роумингге жана резидент эместердин кирешесине КНС кошуу маселеси бар. Бул талаш мыйзам менен белгиленген тартипте каралууга тийиш жана өкмөт соттук процесстердин ишмердүүлүгүнө кийлигишпейт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле "Скай Мобайл" компаниясынын радиожыштыктарды сатып алуу темасы да козголгонун билдиришти.

Асрандиев радиожыштыктар мамлекеттин активи болуп саналарын жана мамлекет жыштык ээси катары пайда көрүүчү болушу керектиги тууралуу позициясын айтканы кабарланды.

"Ала-ТВ кайсы бир учурда бул жыштыкты минималдык баада сатып алган, бүгүн анын наркы алдаганча жогору. Биз жыштыкты сатуу ачык сынак аркылуу ишке ашырылышы керек деп эсептейбиз", — деген вице-премьер.

Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген. Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү негизсиз деп жооп берген.

Эске сала кетсек, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган.

Ал эми 27-майда Абылгазиев радиожыштык чуусунан улам кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө кеткен.

Кыргызстан Мухаммедкалый Абылгазиев Эркин Асрандиев радио жыштык

82
Белгилер:
талкуу, актив, жыштык, Эркин Асрандиев, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
Жумабеков: парламенттик шайлоо коронавирустан улам жылдырылышы мүмкүн
Ош-Тазалык муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты

"Ош-Тазалык" ишканасы таштанды чыгарган жаңы техникалуу болду. Сүрөт

30
(жаңыланган 14:35 03.06.2020)
Ош калаасындагы таштандыларды чыгаруу боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыккан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты.

  • Муниципальное предприятие Ош — Тазалык получило 12 мусоровозов на центральной площади.
    "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Муниципальное предприятие Ош — Тазалык получило 12 мусоровозов на центральной площади.
    Жаңы техникалар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен алынган
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов во время церемонии вручения ключей от мусоровозов на центральной площади
    Алардын ачкычын тапшырып жатып Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Ош-Тазалык" ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айткан
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов проехал по площади за рулем одного из мусоровозов во время церемонии вручения ключей от мусоровозов на центральной площади
    Ал Ош шаарында таштандыларды тазалоо боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыкканын кошумчалады.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Sputnik / Зульфия Тургунова
"Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты

Жаңы техникалар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен алынган. Алардын ачкычын тапшырып жатып Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Ош-Тазалык" ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айткан.

"Тазалык" ишканасында атайын техникалардын саны жетишсиз. Ошондуктан өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүнүп, жалпы 14 атайын техника сатып алынган. Жаз-жайда жолго суу сээп тазалаган, кышкысын карды тазалаган төрт даана техника июль айында алып келинет", — деди Сарыбашев.

Ал Ош шаарында таштандыларды тазалоо боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыкканын кошумчалады.

"Бул акчанын 50 пайызы насыя катары берилет. Долбоордун алкагында 41,2 миң еврого 32 таштанды салган контейнер алып келинип, учурда пайдаланып жатабыз. Июнда дагы бир топ партиясы келет. Мындан сырткары, таштанды жүктөгөн дагы 12 даана автоунаа алынышы күтүлүүдө", — деди Ош шаарынын мэри.

Ушул эле долбоордун алкагында шаарга жаңы санитардык полигон куруу пландалганы да маалым болду.

30
Белгилер:
долбоорлор, таштанды, техника, Таалайбек Сарыбашев, Ош
Тема боюнча
Ош мэриясы: вирус жайылып кетсе, чектөөлөрдү кайрадан күчөтөбүз
Ош шаарында аялдамалар оңдолуп, жаңыланып жатат. Сүрөт