Чет элдик валютада берилген кредиттердин коюму болуп көрбөгөндөй түштү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда насыялардын коюму эң кымбат болгон мезгил 1996-1997-жылдарга туш келип, 55 пайызды түзгөн.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Август айынын жыйынтыгын орто эсеп менен карай келгенде чет элдик валютада берилген кредиттин коюму (ставка) быйыл эң төмөн болгон. Бул маалыматты Улуттук банктан билдиришти.

Обращение сома в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы акчанын көптүгү рекорд артынан рекорд коюуда. График
Кезектеги көрсөткүч 9,77 пайызды түзгөн, ал эми буга чейинки рекорд июль айында коюлган.

Белгилей кетсек, орточо коюмдун (сомго чет элдик валюта кошулганда) көлөмү 14,77 пайызды түзүп, ал апрель-майдагы рекордду кайталаган.

Акча менен алгандагы көрсөткүч 14,59 болуп, май айына салыштырмалуу 0,01 пайыз көбүрөөк чыккан.

Насыялар боюнча эң жогорку коюмдар төмөнкүчө болгон:

  • 1997-жылдын май айындагы орточо көрсөткүч — 56,72 пайыз;
  • 1997-жылдын май айындагы көрсөткүч сом менен — 62,13;
  • 1996-жылдын ноябрь айындагы көрсөткүч чет элдик валюта менен — 56,7 пайыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0