"Манас" аэропортунан 5 млн. доллардын мыйзамсыз чыгарылышы боюнча иш козголду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчилер аэропорттун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген иш экенине карабай, өздөрүнүн арам оюн ишке ашыруу үчүн 2014-жылы билип туруп пайдасыз келишимге кол койгон.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Оффшордук компаниялардын жардамы менен "Манас" эл аралык аэропортунун эсебинен беш миллион доллар мыйзамсыз которулганы аныкталганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Ага ылайык, аэропортто жетекчилик кызматта иштегендер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айрым кишилер менен жең ичинен сүйлөшүп алганы тергөө учурунда белгилүү болгон. Жетекчилер аэропорттун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген иш экенине карабай, өздөрүнүн арам оюн ишке ашыруу үчүн 2014-жылы билип туруп пайдасыз келишимге кол койгон.

"Сөз аэропорттун аймагында жайгашып, ошол маалда дээрлик банкрот болуп пайда алып келбей калган "Топливный центр" ЖАКтын 100 пайыз акциясын сатып алуу тууралуу болуп жатат. Анын жалпы наркы 5 миллион долларды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулук милициясынын тергөөчүлөрү жаңы жетекчисине нааразы. Окуя эмнеден ырбаган?
Сотко чейинки териштирүү иштери учурунда 2014-жылы аэропорттун дарегине "Ф.С.Л" компаниясынан "Топливный центр" ЖАКнын 100 пайыз акциясын 7 миллион долларга сатып алуу боюнча коммерциялык сунуш келгени белгилүү болгон. Анын директору Кипрдин Е.К. аттуу жараны болгон. Сунушту карап чыгуу аэропорттун юридикалык бөлүмүнүн башчысы Б.М. менен финансы-экономикалык дирекциясынын директору А.Ж. аттуу адамдарга тапшырылган.

"Алар жең ичинен сүйлөшүп алып, "Топливный центр" ЖАКнын ишмердигин текшергендиги боюнча кызматтык кат жазышкан. Ишкана банкрот болуу алдында туруп, карыздары активдеринен ашып кеткенине карабай аны кирешелүү, эч кандай карызы жок деп тактап беришкен", — деп айтылат маалыматта.

2014-жылы 25-декабрда аталган кызматтык жасалма каттын негизинде аэропорттун директорлор кеңеши "Топливный центр" ишканасын сатып алуу сунушун жактырып, бир күндөн кийин эле мекеменин 100 пайыз акциясын 5 миллион долларга алуу керектигин чечкен. Башкача айтканда, баштапкы баасы 2 миллион долларга чейин арзандатылган.

"26-декабрда "Манас" аэропортунун башкаруучулугунун төрагасы И.А. жана "Ф.С.Л" компаниясынын атынан Е.К. келишимге кол коюп, бир нече күндүн ичинде аэропорттун эсебинен макулдашылган сумма эки оффшордук компанияга которулган. Белгилей кетсек, сатылып жаткан учурда аты аталган ишкананын акциясынын баасы болгону 100 миң сомду түзгөн.

Тергөө учурунда оффшордук компаниялар аркылуу чыгарылып кеткен 5 миллион доллардын чыныгы алуучусу Б.А.Т. аттуу жаран экени аныкталган.

Фарид Ниязов в Первомайском районном суде, где рассматривается дело сторонников бывшего президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин тарапташтары 9-декабрга чейин камакта калды
2019-жылы 30-сентябрда тергелип жаткан иштин алкагында тергөө органдары тарабынан шектүү катары "Манас" аэропортунун юридикалык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Б.М. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда иш иликтенип жатат. Анын алкагында кылмыш ишине тийиштиги бар делип аты аталган кишилердин бардыгы жоопко тартыла турганын Финполдон кабарлашты.

Белгилей кетсек, 2013-2016-жылдары "Манас" эл аралык аэропортунун башкаруучулугунун төрагасы Албек Ибраимов болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0