ЕАЭБ мамлекеттеринин желеги. Архивдик сүрөт

ЕАЭБдеги үч өлкөнүн үлүшү өзгөрдү. График

352
(жаңыланган 15:11 03.10.2019)
Иманалиевдин айтымында, ар бир өлкөнүн үлүшү импорттун көлөмүнөн, бажыдан түшкөн акчадан жана ички керектөөдөн көз каранды.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигиндеги бажы салыктарын бөлүштүрүүдө Белоруссиянын үлүшү Казакстан менен Россиянын эсебинен 0,3 пайызга өстү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Мындай чечим 1-октябрь күнү Жогорку Евразиялык кеңештин Ереванда өткөн жыйынында кабыл алынды. Кыргызстан менен Армениянын үлүшү 1,9 жана 1,22 пайыз болуп өзгөрүүсүз калды.

Белоруссиянын үлүшү 4,56дан 4,86 пайызга өстү. Ал эми Казакстан менен Россияныкы, тескерисинче, 7,055тен 6,955 пайызга жана 85,265тен 85,065 пайызга кыскарды.

Иманалиевдин айтымында, ар бир өлкөнүн үлүшү импорттун көлөмүнөн, бажыдан түшкөн акчадан жана ички керектөөдөн көз каранды.

2018-жылы ЕАЭБдин бажы салыктарын бөлүштүрүүдө Кыргызстан 16 миллиард сом алган.

352
Белгилер:
салык, бажы, Белоруссия, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
ЕЭК башчысы ЕАЭБ жаштарынын артыкчылыгын санап берди
Ереванда ЕАЭБ башчыларынын жыйыны башталды
ЕАЭБ Сингапур менен келишимде өзгөчө товарлардын салыгын азайтпайт