Өкмөттө Дүйнөлүк банктын 110 млн. долларлык инвестициясы талкууланды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту
 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев Дүйнөлүк банктын КРдин социалдык, экономикалык өнүгүүсүндөгү жана республикадагы жакырчылыктын кыскарышындагы маанилүү ролун белгилеген.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен Кыргызстан үчүн бекитилген лимиттеги 110 миллион долларлык кошумча инвестиция тартуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Абылгазиев Дүйнөлүк банктын КРдин социалдык, экономикалык өнүгүүсүндөгү жана республикадагы жакырчылыктын кыскарышындагы маанилүү ролун белгилеген. Андан сырткары, жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдогонуна ыраазычылык билдирген.

"Дүйнөлүк банк Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Биз үчүн олуттуу болгон социалдык-экономикалык маселелердин чечилишиндеги жемиштүү кызматташууга ыраазычылык билдиребиз. Өлкөнүн тышкы карызы акыркы үч жылда ИДПга карата 2015-жылдагы 64 пайыздан 34 пайызга чейин кыскарган. Эл аралык резервдер 2014-жылдагы кризистин алдындагы деңгээлден ашып, 2,2 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 110,0 миллион долларга көп", — деген премьер-министр.

Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Директорлор кеңешинин бекитүүсүнө жолдоо үчүн долбоорлорду тездетүүгө өкмөттүн даяр экендигин билдирди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0