Жүк ташуучу унаа. Архив

ЕАЭБде транспорттук кызматтардын рыногун түзүү пландалып жатат

103
(жаңыланган 09:16 09.10.2019)
Бирдиктүү транспорттук рынок түзүлсө, ЕАЭБ ичинде жүк ташуу, ишкерлик кылуу бир топ жеңилдеп, ар кандай төлөмдөрдүн көлөмү кескин кыскарат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия транспорт, экспедиция жана логистика уюму менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында айтылды.

Документтин негизги максаты — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда транспорттук кызматтар рыногун түзүп, биримдиктеги унаа кызматтарына байланыштуу тоскоолдуктарды жок кылуу.

"Бирдиктүү транспорттук рынок түзүлсө, ЕАЭБ ичинде жүк ташуу, ишкерлик кылуу бир топ жеңилдеп, ар кандай төлөмдөрдүн көлөмү кескин кыскарат", — деп айтылат билдирүүдө.

Евразия транспорт, экспедиция жана логистика уюму 2012-жылы ЕврАзЭСтеги транспорттук көйгөйлөрдү жөнгө салуу максатында түзүлгөн.

Эске салсак, ушул тапта ЕАЭСтин курамында Армения, Белоруссия, Кыргызстан, Казакстан жана Россия мамлекеттери бар.

103
Белгилер:
меморандум, транспорт, Кыргызстан, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕАЭБ менен Сингапурдун алакасы. Ереванда кол коюлган документтердин тизмеси

Майды аз ичкен өтүмдүү автоунаалардын баасы. Инфографика

134
(жаңыланган 19:51 05.12.2020)
Sputnik Кыргызстан унаа базарларындагы бааларды карап чыгып, майды аз ичкен жеңил автокөлүктөрдүн орточо наркын эсептеди.

Агенттик autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына таянды. Бул жактагы баалар бири-биринен дээрлик айырмаланбайт. Окурманга ыңгайлуу болсун үчүн ар бир автонун Улуттук банктын 4-декабрдагы курсу менен белгиленген баасын киргиздик.

Эл көп алган 10 автоунаа төмөнкүдөй болду:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Mazda Demio;
  • Volkswagen Golf;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Тизмедеги эң арзан машина Lada 2107 болду. 2001-жылы чыгарылган үлгүсү 1 179 доллар деп бааланууда. Экинчи орунда Daewoo Matiz турат, колдон 1 754 долларга сатып алууга болот. Эң кымбаты — Toyota Prius. 2010-жылы чыгарылганы 9 670 доллар турса, ал эми 2014-жылкысы 11 147 доллардан сатылууда.

134
Белгилер:
май, Кыргызстан, базар, баа, автоунаа
Тема боюнча
Бишкектеги батирлер канча турат? Ноябрь айындагы баалар
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архивдик сүрөт

Кыргызстан референдум өткөрүүгө БУУдан техникалык жардам сурады

118
(жаңыланган 12:56 05.12.2020)
Жолугушуунун негизги темасы өлкөдөгү конституциялык реформа жана БУУнун Кыргызстанга көмөктөшүүсү болгон.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун негизги темасы өлкөдөгү конституциялык реформа жана БУУнун Кыргызстанга көмөктөшүүсү тууралуу болгону айтылат.

"Министр жакынкы айларда башкаруу формасын тандоо, Конституцияны кабыл алуу, президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү пландалып жатканын айтты. Буга байланыштуу ал БУУнун туруктуу өкүлүнө аталган маанилүү жалпы элдик иш-чараларды өткөрүүгө техникалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ожиело Баш мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу эгемендүү мамлекеттин укугу экенин айтып, ошону менен бирге адамдардын эркиндиги жана укуктарын сактоого маани берүү керектигин белгилеген.

Ошондой эле ал Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанга конституциялык реформанын алкагында документтерди иштеп чыгуунун сапаттуулугун арттырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.

118
Белгилер:
референдум, жардам, Кыргызстан, БУУ, Руслан Казакбаев
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Министр Казакбаев АКШ элчиси менен сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду
Кыргызстан чет өлкөлүк донорлордон дагы 429 млн. доллар күтүп жатат
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

0
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

0
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео