Кыргызстан 9 ай ичинде мамлекеттик карызына канча төлөдү

© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / File PhotoКурс доллара США
Курс доллара США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы  4 миллиард 469,22 миллион АКШ долларын түздү. Кыргыз валютасына которгондо 311 миллиард 980,73 миллион сом болот.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө бюджеттен 18,9 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жазылган.

"Тышкы карыз боюнча — 10,6 миллиард сом болсо, ички бересеге андан бир аз азыраак, тагыраагы, 8,3 миллиард сом бөлүндү", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттардын тиешеси бар ишканалардын миллиондогон карызын кечүү сунушталды. Иликтөө
Мамлекеттик карыз — бул тышкы жана ички карыз.

Эске салсак, 2019-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы  4 миллиард 469,22 миллион АКШ долларын түздү. Кыргыз валютасына которгондо 311 миллиард 980,73 миллион сом болот. Анын ичинен тышкы карыз — 262 миллиард 605,42 миллион сом. Ичкиси — 49 миллиард 375,31 миллион сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0