2020-жылкы шайлоолорго бюджеттен канча акча кетет? Расмий түшүндүрмө

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан жаран. Архив
Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмдиги жылы Кыргызстанда бир канча жергиликтүү кеңештерге (айылдык, шаардык) жана парламенттик шайлоо болот.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 2020-жылкы шайлоолорду өткөрүүгө республикалык бюджеттен 1 миллиард 214 миллион сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, эмдиги жылы Кыргызстанда бир канча жергиликтүү кеңештерге (айылдык, шаардык) жана парламенттик шайлоо болот.

— биометрикалык жабдуу менен иштөөчү операторлордун эмгек акысына, биометрикалык жабдууну алмаштырууга жана жаңысын сатып алууга, аны аймактык шайлоо комиссияларына жеткирүүгө — 197,9 миллион сом;

— 54 аймактык шайлоо комиссиясында, 2400 участкалык шайлоо комиссиясында Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого — 560,4 миллион сом;

— 2020-жылдын жазында 20 аймактык шайлоо комиссиясында, 215 участкалык шайлоо комиссиясында 31 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого — 60,54 миллион сом;

— 2020-жылдын декабрында 47 аймактык шайлоо комиссиясында, 1785 участкалык шайлоо 386 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого — 386,1 миллион сом;

— шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү стратегиясынын иш-чаралар планын жана Стратегияны ишке ашыруу үчүн кабыл алынган айрым мыйзамдарды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарга — 9,4 миллион сом.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бюджеттен факты түрүндө 944,5 миллион сом кеткен. Ал эми 2017-жылы президенттик шайлоого сарпталган чыгымдар 724,7 миллион сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0