Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев. Архив

Депутат экспорттун кескин азайып кеткенин айтып, өкмөттү сындады

84
Эл өкүлү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча мыйзам кабыл алынганына карабай өкмөт бүгүнкү күнү көзгө көрүнө турган бир дагы долбоор жасабаганын айтты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине эки ай мурда төрт жыл болгонун айтып, бирок башында пландалган иштер аткарылбай жатканына токтолду.

Ал аталган интеграциялык бирикмеге киргенде Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрү, коңшу мамлекетке продукциялардын сатыла турганы, жаңы технологиялуу чет элдик компаниялар келери айтылганы менен иш жүзүндө анын бири жок экенин белгиледи.

"Бүгүн мына сегиз айдын жыйынтыгын карап жатып, бир гана сандарга токтолоюн. Экспорт төмөн деңгээлде болуп жатат. ЕАЭБдин алкагында 7 пайызга түштү. Анын ичинде Россияга 43 пайызга чейин төмөндөгөн.  Кийим тигүү боюнча биздин жеңил өнөр жайды флагман дечү эле, ал дагы 60 пайызга азайган. Тигилген бут кийим боюнча көрсөткүч 50 пайызга түшүп жатат. Мигранттардын которуулары да 10 пайызга төмөндөдү. Же болбосо былтыркыга салыштырганда 175 миллион долларга аз. Ошондой эле бажы кызматтарынын төлөмдөрү да минус менен бара жатат. Андыктан өкмөт бул жаатта иш алып барбаса, кесепети катуу тийип калышы ыктымал", — деген депутат өкмөткө эскертүү берди.

Эл өкүлү өлкөдөн чыгып кетип жаткан инвестициянын көлөмү да өсүп жатканына токтолду. Мисалы, жыл башынан бери Казакстанга 35 миллион доллар чыгып, кайта бул мамлекеттен Кыргызстанга 9,5 миллион доллар инвестиция келген. Кытайга 181 миллион доллар чыгып, кайта 171 миллион келген. Ортодогу айырма 10 миллион долларды түзөт.

Карашев мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча мыйзам кабыл алынганына карабай, өкмөт бүгүнкү күнү көзгө көрүнө турган бир дагы долбоор жасабаганын сынга алды.

Депутат Өзбекстандын ЕАЭБге кирүү боюнча ою бар экенин ЖМКлар жазып чыкканын айтып, өкмөт өзүнүн товарларын коргоо боюнча алгылыктуу аракеттерди көрүшү керектигине токтолду.

"Эгер айыл чарба продукциясындагы атаандаштыкка туруштук бере албай биздики калып калса, эртең ага ким жооп берет?", — деп суроо салды ал.

Өкмөт, андан сырткары, өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча да иш-аракеттерди көрүшү керектигин кошумчалады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
84
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, экспорт, Аалы Карашев, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Чодуевдин калпы чыктыбы? Россия Кыргызстандын 118,7 тонна азыгын артка кайтарды
ЕАЭБ менен Сингапурдун алакасы. Ереванда кол коюлган документтердин тизмеси
Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

ЕТӨФ кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болду

28
(жаңыланган 13:28 10.08.2020)
Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын кесепеттерине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу Россиянын Финансы министрлигинин сайтында жазылды.

"Региондук финансылык механизм катары иш алып барган фонд башка эл аралык каржы институттары жана донорлор менен биргеликте катышуучу-мамлекеттерге маанилүү колдоолорду көрсөтүп келет. Бул алардын каржылык туруктуулугун камсыздап, пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн кризиске каршы улуттук программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет", — деген Финансы министри жана ЕТӨФ кеңешинин башчысы Антон Силуанов.

Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын экономика, финансы жана социалдык тармактарга тийгизген таасирине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

Өкмөт: Кытай баштаган бир катар өлкө Кыргызстандын карызын сурабай турат

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду — катышуучу-мамлекеттердин экономикасын колдоодо регионалдык финансылык механизм болуп саналат. Анын каражатын эң көп Белоруссия алган. Аталган өлкөгө 5 миллиард доллар өлчөмүндө эки насыя менен бекитилген. Инвестициялык жана каржылык насыяларды, ошондой эле гранттар түрүндө каржылык колдоолорду Кыргызстандан сырткары Тажикстан менен Армения алып турат.

28
Белгилер:
каражат, насыя, Евразия, Кыргызстан
Тема боюнча
Былтыр банктар элге канча насыяны кандай максатта берген. Сандар
Карабаева: насыя боюнча жеңилдик алгандардын 28%ы соодагер
Ишканалардын дебитордук карызы көбөйдү. Статистика
Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков

Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда

84
(жаңыланган 22:09 08.08.2020)
Өкмөт өкүлүнүн айтымында, быйыл суу сактагычтарда суу аз болгондуктан жана коронавирус дагы деле мизин кайтара электигине байланыштуу даярдыктар дыкат жүргүзүлүшү керек.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков саламаттык сактоо системасын жылытуу мезгилине даярдоо биринчи орунда экендигин билдирди. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Ага ылайык, Баатырбеков күз-кыштагы жылытуу маалына экономика чөйрөсүн жана калкты даярдоо маселеси боюнча жыйын курган. Анын айтымында, быйыл суу сактагычтарда суу аз болгондуктан жана коронавирус дагы деле мизин кайтара электигине байланыштуу даярдыктар дыкат жүргүзүлүшү керек.

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

"Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жылытуу сезону даяр болушу шарт. Анын ичинде ооруканалар, өзгөчө реанимациялык жана операциялык бөлүмдөр электр энергиясынын кошумча булагы менен камсыздалууга тийиш. Медициналык мекемелердин бардыгы кышка кандай даярдык көрүп жатканы боюнча маалыматтар берилип турушу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи вице-премьер жылытуу маселелеринде облус жетекчилеринин жоопкерчилиги да чоң экендигин эскерткен.

Мындан тышкары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине электр энергиясын көп көлөмдө керектөөчү объектилерди альтернативдик отунга өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырган.

84
Белгилер:
оорукана, даярдык, жылытуу маалы, жыйын, өкмөт, Алмазбек Баатырбеков
Тема боюнча
Жээнбеков: аймактарда ооруканалар эски, аны оңдоодо каржылоо маселеси жаралбасын
Аэропорттогу учак. Архивдик сүрөт

Эл аралык каттамдар жанданууда. Эми кыргызстандыктар сыртка чыга алабы?

0
(жаңыланган 13:43 10.08.2020)
Эске салсак, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эл аралык аба каттамдары жандана баштаганына байланышутуу өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыгууда. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев айтты.

Ага модератор учурда кыргыз жарандары кандай негизде сыртка чыга алат деген суроо берген.

Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Акышевдин айтымында, ушул тапта Кыргызстандын жарандыгы бар адамдарга сыртка чыгууга уруксат берген документ жок.

"20-марттан тарта өкмөттүн чечими менен мамлекеттик чек ара жабылган. Демек биздин жарандар сыртка чыга албайт. Эми каттамдар жандана баштаганына байланыштуу өкмөт ал чечимине өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Жакында даяр болот", — деди Акышев.

Эске салсак, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон. Андан бери Кыргызстанга чертердик, жүк ташуучу жана гуманитардык рейстер гана аткарылууда.

Ал эми сыртка дипломаттар, мамлекеттик делегация жана чет элдик үй-бүлө мүчөсү бар айрым кишилер гана чыгарылып жаткан.

0
Белгилер:
укук, жаран, чек ара, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Түркия менен туруктуу аба каттамдарын жандантты
Дубай — Бишкек — Дубай каттамы жума сайын уча баштайт