Медведев ЕАЭБдин карапайым элге кандай пайдасы тийиши керектигин айтты

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Дмитрий Медведев. Архив
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Федерациясынын өкмөт башчысы интеграция экономиканы өнүктүрүүдөн башка, элге дагы кандай пайдасы тийиш керектигин жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. ЕАЭБ карапайым элдин жашоо-турмушун жакшыртышы керек. Мындай пикирин Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинде айтты.

Анын пикиринде, биримдиктин негизги максаты — жалпы рыноктун туруктуу өнүгүшүнө жетүү жана Россия бул үчүн бардык жагынан колдоо көрсөтүүгө даяр.

"Элдин мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын толук кандуу ишке ашыруу үчүн көбүрөөк шарттар түзүлүшү керек. ЕАЭБ жараны кайсы жакта туулганына карабай, каалаган жеринен билим алып, ишкерлик кылып, карьера жасашы керек”, — деди Медведев.

Сөзүнүн аягында ал жалпысынан ЕАЭБ ийгиликтүү иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0