Россиядан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөлөр алынышы мүмкүн

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРоссия рубли. Архив
Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жазында Россиядан Кыргызстанга бир киши бир айда 100 миң рублге чейин гана которо алат деген чектөө киргизилген.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук банктары Россиядан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөлөр боюнча кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбеков журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл жазында Россиядан Кыргызстанга бир киши бир айда 100 миң рублге чейин гана которо алат деген чектөө киргизилген. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын 25-октябрда өткөн жыйынында ушул маселини көтөрдү.

"Жыйында премьер-министрлер бир катар маселелерди көтөрдү, анын ичинде Кыргызстан үчүн маанилүү болгон акча которуудагы чектөөлөр боюнча дагы кеп козголду. Натыйжада өкмөт башчылар уюмга мүчө мамлекеттердин борбордук банктары кеңешүү өткөрүшү керек деген пикирге келишти. Андан сырткары, тобокелчиликтерди анализдөө боюнча бирдиктүү кадамдарды жана мамлекеттер үчүн бирдиктүү лимиттерди иштеп чыгуу келишилди. Эгер ушундай чектөөлөр болсо, ал Кыргызстан үчүн гана дискриминациялык болбостон, бардык мамлекеттер үчүн бирдей болушу керек", — деди Сазбаков.

Ал ошондой эле борбордук банктардын кеңешмесинин жыйынтыктары ЕАЭБдин премьер-министрлеринин кийинки жыйынында айтыларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, өкмөт башчылардын кийинки отуруму 2020-жылы 31-январда Алматыда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0