Өкмөт ундун канчага кымбаттагандыгын билдирди

© Sputnik / Джон Траст / Медиабанкка өтүүПрибытие тринадцатого гуманитарного конвоя на юго-восток Украины
Прибытие тринадцатого гуманитарного конвоя на юго-восток Украины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ундун баасы боюнча маалыматты өкмөт Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын "ун эки эсе кымбаттап кетти" деп айтканынан кийин таратты.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бир жылдын ичинде биринчи сорттогу ундун бир килограммы 18,4 пайызга жогорулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ундун баасы боюнча маалыматты өкмөт Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын ун эки эсе кымбаттап кетти деп айтканынан кийин таратты.

"2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча I сорттогу бир килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сом болгон. Учурда, 2019-жылдын октябрь айында, республика боюнча I сорттогу бир килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө. Ошентип бир жылдын ичинде чекене баа 18,4 пайызга жогорулады", — деп айтылат маалыматта.

Буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис: казак буудайынын кымбатташы ундун баасын көтөрөт
Бир жыл мурда ушул мезгилде республика боюнча II сорттогу ундун бир килограммы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн.

Учурда, 2019-жылдын октябрь айында, республика боюнча экинчи сорттогу ундун бир килограммы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип бир жылдын ичинде бул сорттогу ундун чекене баасы 14,8 пайызга жогорулаган.

Өкмөттүн билдирүүсүндө баага карата жүргүзүлгөн анализ ундун чекене баасы эки эсе жогорулады деген маалымат чындыкка дал келбей турганын көрсөтөт деп айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0