Белоруссия Кыргызстандын картошкасын сатып алды

Жазылуу
Кыргызстандын Белоруссияга экспорттогон товары көбөйдү, ал эми импорт тескерисинче азайды. Өткөн жылы Белоруссия КРден картошка сатып алган эмес.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Узап бара жаткан жылы Кыргызстан Белоруссияга картошка экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сегиз айлык соода-сатык катнашынын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында айтылат.

Алма. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан келе жаткан 50 тонна алма "Торугарттан" артка кайтарылды
Ага ылайык, ЕАЭБ мамлекеттериндеги соода-сатыктын көлөмү 1,7 миллиард доллар болгон. Анын 400 миллион долларын өлкөнүн экспорту түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан ушул жылы Белоруссияга 20 тонна картошка экспорттогон. Ал эми Россияга 540 тонна, Казакстанга 10 миң тоннадан ашык картошка жиберген.

Маалыматка караганда, былтыр Кыргызстан Белоруссияга картошка саткан эмес.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0