Миниатюрные долларовые купюры в кармане пиджака, символизировающий прошение о богатстве богам во время празднования в преддверии Ла-Паса. Боливия, 28 января 2018 года

Мамлекеттик карызды киши башына бөлсөк... Кыргызстанды 10 өлкө менен салыштыруу

4796
(жаңыланган 14:19 31.10.2019)
Мамлекеттик карызды иликтей келгенде ар бир кыргызстандык жаранга орточо 700 доллардан тиет. Ал эми коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдө, ошондой эле өнүккөн мамлекеттерде бул жагдай кандай экенине Sputnik Кыргызстандын макаласынан жооп таба аласыздар.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы эң орчундуу темалардан, ал тынымсыз өсүп, дээрлик 4,5 миллиард долларга жетип калды. Карыздан кутулуу үчүн жалпылап акча чогултуу да уюштурулган. Ымыркайларды кошо эсептеп, калктын санына бөлө келгенде ар бир адамга 700 доллардан туура келет. Эске салсак, мамлекеттик карыз ички (жарандардан, банктардан алынган, негизинен баалуу кагаздардын эсебинен) жана тышкы (башка мамлекеттерден жана эл аралык каржы уюмдарынан алынган) карыздан турат.

Дүйнөдө дээрлик бардык өлкөлөр Кыргызстан сыяктуу эле карызкор. Кыргызстандын бересесин бир катар коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдүкүнө, ошондой эле дүйнө экономикасына таасири чоң 10 мамлекеттин карызы менен салыштырып көрдүк. Мында карыздын өлкөнүн ар бир жаранына канчадан тиери боюнча кеп жүрмөкчү.

Өнөктөштөрдүн кимиси канча карыз?

Казакстандын ар бир жараны кыргызстандык кишиге караганда үч эсе көп "карыз". Ал эми Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары, тескерисинче, биздин өлкөнүн тургундарына караганда кыйла жакшыраак абалда. Өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү болгон Россия жарандарынын карызы кыргызстандыктардыкынан көбүрөөк, бирок казакстандыктарга салыштырмалуу азыраак. Өнөктөш өлкөлөр арасында Кытай жарандарынын карызы жогору. Мында ар бир кишиге 5 миң доллардан туура келет экен.

Кайсы мамлекеттин карызы чоң?

Киши башына карата карыздын эң чоң көлөмү Япония, Сингапур жана АКШда. Ал эми мамлекеттик карызы менен дүйнөгө даңаза болгон гректердики бир топ эсе төмөн. Мындай маалымат Economycountry порталында жарыяланган.

Карызы боюнча алдыңкы саптагы япондуктардын ар бири 83 миң доллар бересе, бул жагынан сингапурдук жарандын мамлекеттик карызы мындан 10 миң долларга төмөн. Ал эми ар бир америкалык тургунга мамлекеттик карызды бөлгөндө 70 миң доллардан тиет. Белгилеп өтчү жагдай, АКШнын мамлекеттик карызынын үчтөн бир бөлүгү ички карыз, ал эми көбү тышкы болуп эсептелет.

Салыштыруу

Мамлекеттик карызды ички дүң өндүрүм (ИДӨ) көлөмү менен салыштырбасак, анда өлкөлөрдү ушул жагынан салыштыруу толук болбой калат. Экономикасы күчтүү өлкөлөр үчүн ири карыз да коопсуз болушу мүмкүн, ал эми ИДӨ чакан болгон мамлекеттерди азыраак карыз да алсыратып коет. Негизи коопсуздук чегинин деңгээли 60 пайыз болуп саналат, ал эми андан ашыгы түйшүк жаратып коет.

Бул инфографикада кырдаал башкача да нукка түшүшү мүмкүн. Эл аралык валюталык фонддун маалыматтарына таянсак, алдыңкы сапты Япония дагы деле эч кимге бербей келет, кийинки орунга Греция чыккан, алардан кийин Сингапур менен АКШ турат. Ал эми Германия, Кытай жана Кыргызстанда ИДӨ менен мамлекеттик карыздын өз ара катышы бирдей.

Коңшулар жана өнөктөштөр арасынан Россия менен Өзбекстанда жагдай жакшыраак.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы боюнча кызык фактылар

Ушул жайдын соңунда мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 469 миллион долларды түзгөн, алардын 700 миллиондон бир аз ашыгыраагы — ички карыз.

Кыргызстандын жана Кытайдын желектери. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Кыргызстан Кытайдын “Эксимбанкына” эң көп карыз, көлөмү — 1,7 миллиард доллар. Аталган банктан алгачкы карызды 1992-жылы алган, белгилей кетсек, “Эксимбанк” Кытай өкмөтүнө таандык. Ошол карыздын көлөмү 5 миллион доллардын тегерегинде. Кыргызстан жалпы 31 мамлекет жана каржы институтунан насыя алган. Ушул тапта 21 насыякорго бересебиз.

Биздин өлкө Тажикстандан бөлөк бардык коңшуларга карыз эле.  Өзбекстан менен Казакстанга болгон карызын жаап бүттү.

2000-жылы Кытайга болгон карызынан кутулган, бирок андан кийинки жылдан тарта эле кайрадан аталган мамлекеттен акча ала баштаган. Айрыкча, мындай аракет 2009-жылдан тарта күч алды. Бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик карыздын өлчөмү 200 эсе өскөн.

Методология

Мамлекеттик карыз жана калктын саны боюнча маалыматтардын бир бөлүгү расмий мамлекеттик органдардагы акыркы билдирүүлөрдөн, ошондой эле мамлекеттик органдарга таяна жазылган макалалардан алынганын белгилей кетели. Маалыматтар жарыяланбаган, эски же толук эмес болсо, Economycountry жана Population Reference Bureau (PRB – Калкты сурап-билүү борбору) порталдарына көз жүгүрттүк. Биринчи порталдагы маалыматты текшерүү үчүн Кыргызстандын мамлекеттик карызы (2018-жыл, бирок айы так көрсөтүлгөн эмес) боюнча ал жактагы соңку жарыяланганын алабыз — 4 миллиард 532 миллион доллар. Белгилей кетсек, Каржы министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, 2017-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 530 миллион долларды түзгөн.

Экинчи портал Кыргызстанда 6,5 миллион киши жашаганын жазат, ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, калктын саны 6,4 миллионго жакын. Эгер Казакстан менен салыштыра турган болсок, ал жакта жагдай дээрлик окшош, PRB маалыматы боюнча, 18,5 миллион жана Казакстан Республикасынын Улуттук статкомунун билдирүүсүндө 18 миллион 547 миңди түзөт.

Башкача айтканда, эки порталда тең жарыяланган көрсөткүчтөр расмий статистикадан айырмаланбайт.

Ошондой эле кээ бир өлкөлөрдө мамлекеттик карыздын көлөмүнө жергиликтүү бийлик органдары жана муниципалдык түзүмдөрдүн зайымдары да кирет.

Мындан тышкары, айрым маалыматтарда ондогон миллион калкы бар, мамлекеттик карызы ондогон триллионго (Япония) жеткен учурда тегеректелген сандар берилет. Россиянын карызын эсептөөдө анын рублдик бөлүгү быйылкы жылдын 1-октябрына карата курсу менен саналды. Бул маалыматтар дал ушул күнгө карата чыккан. Андыктан, алынган жыйынтыктар так кесе белгиленбесе да, карыздын көлөмү боюнча болжолдуу маалыматты алдыбызга жаят.

4796
Белгилер:
акча, каржылык, бийлик, Тышкы карыз, АКШ, Япония, Кыргызстан, карыз
Тема боюнча
Кыргызстан мамлекеттик карызга жыл башынан бери канча төлөдү
Өкмөт: быйыл кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт