ТАШКЕНТ, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна бардык аракетин көрөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ташкент шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында айтты.
Абылгазиев өз сөзүндө мамлекеттердин кызыкчылыгы, инвестиция менен бизнес интеграциялык уюмдардын негизин түзө турганын билдирип, бул багытта быйыл май айында Бишкекте уюмга мүчө мамлекеттердин алдыңкы бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен форум өткөнүн белгиледи.
Ал ошондой эле ШКУнун алкагында элдин руханий жана маданий жактан өнүгүүсүнө маани бериле турганын билдирди.
"Экономикалык көрсөткүчтөрдүн артынан чуркап жүрүп, адамдык баалуулуктар, маданият, искусство, спортту жана эң маанилүүсү, элдин өнүгүшүн унутпашыбыз кажет", — деди ал.
Премьер-министр ошондой эле быйыл июнь айында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин Бишкекте өткөн жыйынында маанилүү документтерге кол коюлганын айтып, аларды толуктап иштеп чыгуу керектигин айтты. Аны менен катар ШКУ банкы менен ШКУнун өнүгүү фондун түзүү маселесин тезинен карап, андан сырткары, транспорттук-логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн билдирди. Эсептерди улуттук валюталарда жүргүзүү дүйнөлүк каржы каатчылыгынын тобокелчиликтерин азайтууга негиз болорун кошумчалады.
Комплекстүү инфраструктура менен жабдылган жана көзөмөл өткөрүү борборлорундагы өнүккөн логистикалык система ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик потенциалы менен аймактык кызматташуудагы соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багыттала турганын айтты.
Белгилей кетсек, пландалып жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Кашгар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент багыты боюнча өтөт.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кумшекерге болгон баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 19 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Статкомдун өлкөнүн 18 калктуу конушуна жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында 25-февралга карата кумшекердин баасы орточо эсеп менен 59,93 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,87 сомго же 46 пайызга өскөнүн көрсөтөт.
Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында 14 пайызга, Кара-Балтада 12,7 пайызга, Токтогулда 12,1 пайызга өскөн.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду.
"Бүгүнкү жолугушуу – бул өлкөдөгү ишкерликти, инвестицияны жана экспортту өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган мурдагы жолугушуулардын уландысы катары саналат. Иштин 70 пайызы программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен байланыштуу экендигин угуу кубанычтуу. Бизде программисттердин армиясы өсүп келе жатат, алардын көпчүлүк бөлүгү чет өлкөдө иштешет", — деди Марипов.
Ошондой эле ал мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы мамлекеттин кемчилиги экенин моюндады.
Ал жакын арада президенттин төрагалыгы астында чоң форум өткөрүлүп, санариптештирүү жана жаңы стратегияларды иштеп чыгуу маселеси талкууланарын белгиледи.
Өз кезегинде IT бизнестин өкүлдөрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Атап айтканда, мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашпай калууда.
"Биз мамлекетке жардам берүүгө даярбыз, ошол эле учурда биз мамлекеттин колдоосун да сезгибиз келет. Тилекке каршы, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашууларга байланыштуу институционалдык эс тутум жок. Бул санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Бизнес өкүлдөрү бир эле план жана милдеттерди жаңы дайындалган жетекчилерге бир нече ирет кайталап айтып берүүгө аргасыз болууда. Мындан тышкары, ишкерлерге жана инвесторлорго басым жасоолорду четтетүү керек", — деп айтышкан IT бизнестин өкүлдөрү.
Жыйынтыгында өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө убадасын берди.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.
Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.